- Мамилечил сылык, тааныш эмес кишилерден чочубайт.
- Чыдамдуу, ишке жөндөмдүү.
- Сөзү так, көп жаңсоо менен катуу сүйлөйт.
- Күтүлбөгөн, татаал шартта өзүн кармай билет.
- Ар качан көңүлү көтөрүңкү.
- Тез уктайт, жеңил ойгонот.
- Тыкан эмес, маселени шашылып туура чечпейт.
- Иштин мазмунун терең түшүнүүгө аракеттенбейт.
4. Темпераменттин иш-аракетке жараша ыңгайланышы.
Темпераменттин кайсы түрү мыкты, баалууда, кайсынысы начар деген суроолор турмушта көп эле коюлуп жүрөт. Мындай суроолорго бир жактуу жооп берүү туура эмес. Белгилүү окумуштуулар өздөрүнүн темперамент-теринин таасирине берилип,темпераментти жакшы, жаман деп экиге бөлүшкөн. Мисалы, Аристотель меланхоликти жогору баалап, анын терең ойчулдугуна артыкчылык бериптир. Философ И.Кант болсо флегматик темпераментти баалап, анын ишке жай кызыганы менен, майын чыгарып, көшөрө иштерине таң берген экен.
Бирок мындай ой жүгүртүү туура эмес. Ар бир темпераменттин оң-терс касиеттери жарыш кездешет. Алсак, холерик таарынчаак, өзүн-өзү кармай албаган ачуулуу, бирөөнүн тилин албаган тээжик болгону менен өтө тырышчаак, ишти талбай, ак ниети менен берилип аткарат. Меланхолик-коркунчаак, өзүнө-өзү ишенбеген бирөөлөр менен мамиле түзө албаган, өтө эмоциялуу адам. Ошол эле учурда ал өтө кылдат, өтө сезгич, боорукер сапаты менен баалуу. Сангвиник темпераменттеги адамдын баштаган ишти ар качан арабөк калтырган шашма экени белгилүү. Бирок күчтүү дипломат, бир канча жумушту жарыш аткара алуучулук сыяктуу мыкты, жөндөмгө да ээ. Флегматик үчүн өзүн курчап турган кишилерге кайдыгерлик, көңүлү суздук өңдүү кемчил касиеттер менен бирге токтоолук, баштаган ишин аягына жеткизген өжөрлүк да мүнөздүү.
Турмушта туруктуу темпераменттин түрүнө ээ болгон адам кантип тигил же бул кесиптин талабына жооп берет деген практикалык суроо келип чыгары чын. Бул проблеманы чечүүнүн бир канча жолдору бар:
Биринчи - кесипти туура тандоо, профориентациялык иштерди тыккандык менен жүргүзүү.
Экинчи - адамдарга коюлуучу талаптарды дифференциялоо. Алсак, адамдар менен мамиледе болгондо алардын темпераменттинин оң-терс жактарын бирдей эске алуу, көңүлдүү кармоо зарыл. Айталы, флегматиктин көңүл коштугун, кайдыгерлигин жое тургандай холериктен өзүн токтоо кармап, улууларды, жолдошторун сыйлагандай, меланхолик-тен коомдук эмгекке активдүүлүктү, коллективде болууну талап кылып, мамиле жасоо оң натыйжа берет.
Үчүнчү - тандап алган кесипке темпераменттин касиеттерин ылайык-таштыруу же иш-аракетте кызыктуу мотивдерди көбөйтүү. Эгерде бул принцип ишке ашса, анда тигил же бул иште адамдардын темпераменттик каситтери анча мааниге ээ болбой калат.
Do'stlaringiz bilan baham: |