- Өз алдынча ойлонууну сүйөт.
- Тез чарчайт.
- Үнү катуу чыкпайт, кээде шыбырагандай сүйлөйт.
- Жоро-жолдошторунун мүнөздөрүнө аргасыздан көнөт.
- Таасирге тез берилет.
- Чөйрөгө өзүнө катуу талап коет.
- Шекчил келет.
- Өтө сезгич, көңүлү тез бурулат.
- Өтө тарынчаак.
- Адамдар менен мамиледе болуп, өз оюн бирөөлөр менен бөлүшөт.
- Коркунчаак активдүү эмес.
- Өтө элпек.
- Жардамга, көңүл бөлүүгө муктаж.
Холерик
- Кымкуут, тырышчаак эмес.
- Каны кызуу, токтоо эмес.
- Чыдамсыз.
- Кишилерге жасаган мамилеси бир жактуу, катаал.
- Чечкиндүү демилгелүү.
- Талашта тапкыч.
- Бирдей иштей албайт.
- Экспериментчи.
- Кекчил, тарынчаак эмес.
- Мукактанып, берилип, тез сүйлөйт.
- Курч, тең салмактуу эмес.
- Агрессивдүү, урушчаак.
- Жетишпегендикке чыдамсыз.
- Жагымдуу мимикалуу.
- Тез чечүүгө жана аракеттенүүгө жөндөмдүү.
- Катуу, үзгүлтүктүү кыймылга ээ.
- Алдына койгон максатка жетүүдө туруктуу эмес.
- Көңүлү тез өзгөрүп турат.
Сангвиник
- Шайыр, турмушту сүйөт.
- Энергиялуу, ишмер.
- Көп учурда баштаган иштин аягына жеткизбейт.
- Өзүн ашыра баалайт.
- Жаңы нерсени тез кабыл алууга жөндөмдүү.
- Кызыгуусу, ынтаасы өзгөрүлмөлүү.
- Жолу болбогондукту, жагымсыз окуяны жеңил көтөрөт.
- Жаңы шартка тез көнөт.
- Жаңы ишке кызыгуу менен киришет.
- Иш кызыктырбаса, көңүлү тез калат.
- Ишке тез киришет, бир иштен экинчи ишке тез өтөт.
- Бир түрдүү аракеттерди, күндөлүк иштерди жаман көрөт.
Do'stlaringiz bilan baham: |