Холерик (сары өт - грекче холе) темперамент. Денеде боор бөлүп чыгарган сары өт көбөйүп, адамды конфликтүү, энергиялуу болууга түртөт.
Меланхолик (кара өт - грекче майан холе) темперамент. Денеде кара өт арбын болуп, адамда кысынуу, тарынчаактык касиеттерди пайда кылат.
Гуморалдык окуу өз учурунда материалисттик мүнөздө болуп, зор тарыхый роль ойногону менен, азыркы кезде ал илимий негизге ээ эмес. Бирок «Гипократтын бир генийлиги, - дейт И. П. Павлов,- адамдын чексиз касиеттеринин ичинен «капиталдуу белгилерди тапкандыгында»
Гуморалдык окууга жакын теориялардын бири - XX кылымдын башында пайда болгон П.Ф.Лесгафттын теориясы. Ал темпераменттин негизин кандын тамырлар боюнча айлануу касиеттери түзөт дейт.
Психология илиминде Э.Кречмер менен У.Шелдондун теориясы бир топ кызыгууну туудурат. Алар темперамент нерв системасынын жалпы тибинин физиологиялык өзгөчөлүгүнө эмес, организмдин жалпы конституциясына, башкача айтканда, дененин физиологиялык түзүлүшүнө, анын ткандарынын, бөлүктөрүнүн ортосундагы катнашка байланышына жараша болот деген идеяны сунуш кылышат. Личносттун төмөндөгүдөй үч тибин белгилешет:
Эндоморф - флегматик,
Эктоморф - сангвиник же меланхолик,
Мезоморф - холерик.
И.Кант темпераменттик айырмачылыктарды кандын химиялык составы менен байланыштырат.
Неврологиялык теория. Темпераменттин физиологиялык негизин аныктоодо И.П.Павловдун жогорку нерв системасы жөнүндөгү окуусунун мааниси чоң. Ал темпераменттин табиятын илимий негизде түшүндүрүү үчүн иттердеги шарттуу рефлекстин пайда болуу закон ченемдүүлүгүн изилдеген. Иттер бирдей жашоо шартта турганына карабай, алардын биринен кысынуучулук, экинчисинен тынчсыздангандык, үчүнчүсүнөн тең салмактуулук абал байкалат. Иттерде шарттуу рефлекс да түрдүү пайда болгон: биринде тез, экинчисинде жай, ал эми үчүнчүсүндө өтө кыйынчылык менен түзүлгөн. И.П.Павлов иттердеги мындай өзгөчө-лөнгөн абалдарды алардын жогорку нерв системасы менен байланыш-тырат. Жогорку нерв системасы (Ж.Н.С.) тубаса мүнөзгө ээ. Ошондуктан айбандардын нервдик иш-аракеттерин бири-биринен айырмалап туруучу эки нервдик процессти, козголуу жана тормоздолуу процесстерин, алардын төмөнкүдөй касиеттерин үйрөнүү зарыл.
Козголуу жана тормоздолуу процесстеринин күчүн.
Козголуу, тормоздолуу процесстеринин тең салмактуулугун.
Козголуу жана тормоздолуу процесстеринин кыймылдуулугун.
Аталган касиеттер баш мээнин чоң жарым шарынын иш-аракетин мүнөздөйт жана ЖНСтин типтерин аныктоого мүмкүндүк берет.
Нерв процесстеринин күчү - нерв клеткаларынын жана нерв системасынын жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт. Обьективдүү дүйнө адамдын, айбандардын нерв системасына түрдүү күчтө, интенсивдүүлүктө таасир этет. Нерв системасы ал таасирге жооп берет, анын маанисин жоюу үчүн күрөшкө чыгат. Бул адамдардын да, айбандардын да жашоо үчүн күрөшүүнүн маңызын чагылдырат.
Жогорку түзүлүштөгү жандуу дүйнөнүн жашоосунда зарыл болгон нерв системасынын экинчи касиети тең салмактуулук. Сырткы дүүлүк-түргүчтөргө карата нервдик козголуунун, тормоздолуунун күчү ар дайым тең салмактуу абалдарда турууга тийиш. Ансыз тирүү жандардын жашоосу кыйын.
Турмуш кечирүү процессинде нерв системасынын кыймылдуулук касиетинин мааниси да чоң. Ансыз адам өзгөрүп туруучу дүйнө менен мамиле, карым-катнаш түзө албайт. Кыймылдуулуктун жардамы менен адамдар чексиз таасир этүүчү пайдалуу, пайдасыз түркүн-түмөн дүүлүктүргүчтөрдүн арасынан өздөрүнө ылайыктуу зарыл жүрүш-туруштун типтерин тандап алат.
И.П.Павлов жана анын окуучулары нерв системасынын күчү, тең салмактуулугу, кыймылдуулугу түрдүү комбинацияларда өзгөрөп тура-рын, жогорку нерв иш-аракетинин типтерин түзөрүн аныкташкан. Нерв системасында мындай комбинациялар көп санда. И.П.Павлов ЖНСтин иш-аракетинин төрт түрүн бөлүп көрсөтөт.
Күчтүү, тең салмактуу, кыймылдуу тип.
Күчтүү, тең салмактуу эмес (кармап токтоткус) кыймылдуу тип.
Күчтүү, тең салмактуу, инертүү тип.
Күчсүз тип.
И.П.Павловдун ЖНСинин төрт түрү эскиргендигине карабай бардык окуу китептеринде берилет. Бирок өзү ачкан ЖНСтин типтерине карата, Павловдун олку-солку мамилеси көзүнүн тирүүсүндө изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында да байкалган. Мисалы, ал генотип (нерв системасынын тубуса тиби), фенотип (жогорку нерв иш-аракетинин чөйрөгө жараша түзүлүшү) түшүнүктөрүн киргизип, темпераменттин маанисин жана табиятын башкача түшүндүрүүгө дагы аракеттенген. Павлов геноитпти темперамент менен, фенотиптин мүнөз менен байланыштырган. Павлов өзүнүн эксперименттеринде жогорку нерв системасынын касиеттеринин ар түрдүү комбинациялары 24-кө жакын типтерди берерин аныктаган. Кийинчерээк ЖНСтин типтерин изилдегенде нерв системасынын негизги туруктуу катыштары 4-төн көп экендигин айткан. Павлов өзүнүн жогоркудай илимий изилдөөлөрүнө маани бербей, ЖНСтин 4түрү бар деген жыйынтыкка келген. Мындай корутунду Гиппократтын окуусунун таасиринен болсо керек дейт психолог Теплов.
Улуу физиолог өз экспериментин иттерге жүргүзгөндүктөн, иттерде көрүнгөн системасынын аталган типтерин адамга ыйгарууда көп ыңгайсызданган. Кийин: «Эгер адамды мүнөздөөчү нерв система иттин нерв системасы менен окшош болсо, адамдар капа болбойт деп ойлойм», - деп жазган. Мындай ой жүгүртүүгө каршы чыгууга эч кандай негиз жок. Адам да - биологиялык жандыктардын бир түрү. Ошондуктан иттерге эксперимент жүргүзүү менен табылган нерв системасынын типтерин толук түрдө адамдагы алып өтүүгө илимий негиз бар.
Сыягы, келтирилген жгорку типтер мазмуну боюнча темперамент түшүнүгүнө туура келчүүдөй. Бул И.П.Павлов ЖНСтин типтерин Гиппократтын темпераментине салыштыруудан да ачык көрүнөт.
Күчтүү, тең салмактуу, кыймылдуу тип сангвинник темпераментке туура келет.
Күчтүү тең салмактуу инертүү типти флегматик темперамент деп караса болот.
Күчтүү, тең салмактуу эмес, кыймылдуу тип холерик темпераментке дал келет.
Күчсүз типти меланхолик темперамент менен тең койсо болот.
И.П.Павлов булардан дагы ойчул (экинчи сигналдык система негизги орун ээлеген тип жана орто тип деген жетиге чейинки ЖНСтин типтерин аныктаган.
Жогорудагы талдалган темпераменттин түрлөрү жөнүдөгү окумуш-туулардын пикирлерин таблицага төмөнкүдөй жайгаштырса болот.
Таблицада көрүнгөндөй, окумуштуулар темпераменттин табиятын аныктоодо түрдүү концепцияларды кармаганына карабай, бардыгы Гиппократтын типтерине келип токтолгону ачык көрүнөт:
1. Большая медицинская энциклопедия - т.2.- с.307. ички, тышкы тоскоолдуктарды жеңүүдө, сырткы дүйнөгө таасир этүүдө көрүнгөн адамдын активдүүлүгүнүн деңгээлин белгилейт.
Ийилчээктик - адамдын тышкы таасирге, өзгөрүүлөргө карата жеңил, тез ыңгайлашуу өзгөчөлүгү.
Ригиддүүлүк. Бул - жүрүш-туруштун инертүүлүк деңгээли башкача айтканда сырткы шартка ыңгайлашпоочулук.
Экстраверттүүлүк адамдын реакциясынын, иш-аракетинин көп учурда тышкы таасирге көз каранды болуп, өзгөрүп турушун билдирет.
Интроверттүүлүк адамдын жүрүш-турушунун, келечектеги кыялдардын жана өткөнкү элесьтердин таасиринде болушун мүнөздөйт.
3. Темпераменттин түрлөрүнө жалпы мүнөздөмө.
Темпераменттин түрлөрүн мүнөздөө үчүн психофизиологдор тарабынан ачылган темпераменттин негизги касиеттерин билүү зарыл. Алар нерв системасынын касиеттери менен тыгыз байланышта туруп, адамдын иш-аракеттеринин бардык түрлөрүнө бирдей, туруктуу кездешип, темпераменттерди бири-биринен ажыратып, ар бирин жалпы мүнөздөөгө мүмкүндүк берет. В.С.Мерлин темпераменттин төмөнкүдөй психикалык касиеттерин белгилеген:
Do'stlaringiz bilan baham: |