Тема: Темперамент. 1. Темперамент жөнүндө жалпы түшүнүк.
Адамдын окшош, бирдей турмуштук шарттарда өздөрүн түрдүүчө кармай тургандыгы белгилүү. Ошондой эле монотондуу (бирдей ыргактыгы) дүүлүктүргүч ар бир адамдын психикалык процесстерине ар түрдүү таасир тийгизет. Бир адамда эмоция ачык, экинчисинде жеңил көрүнсө, үчүнчү адамда эмоция пайда болуу үчүн атайын убакыт, кошумча шарт талап кылынат.ошол эле монотондуу дүүлүктүргүч личностордун мотордук кыймылдарына, көңүлдөрүнүн түрдүү темпте жүрүшүнө таасир тийгизет. Мындай абал студенттик аудиторияда ачык байкалат. Окутуучунун бир ыргакта берип жаткан интеллектуалдык мааламатына студенттердин бир тобу көңүлдөрү көтөрүңкө, жайдары, экинчи тобу салмактуу, сабырдуу, ал эми үчүнчү тобу көңүлсүз, кайдыгер мамиледе отурушканын байкоо кыйын эмес. Адамдардын топторунда иш-аракетти аткаруу, ага карата мамиле жасоодогу өзгөчөлөктөр менен катар алар үчүн туруктуу, окшош жалпы касиеттер да бар. Адамдардын ушундай өзгөчөлүктөрү темперамент деген психологиялык категория аркылуу туюнтулат.
«Темперамент ар бир жеке адамдын жалпы мүнөздөмөсү болуу менен нерв системасыныни да эң негизги мүнөздөмөсүнө айланат. Нерв системасы индивиддин бардык иш-аракетине өз мөөрүн басат», - деп белгилейт, И.П.Павлов.
Темперамент индивиддин бардык психикалык аракеттерине (эмоцияга, ойлоого, элестетүүгө, кеп ыргагына ж.б.) өз таасирин тийгизет. Демек, темперамент адамдын жүрүш-турушунун жана психикалык прцесстердин жүрүү динамикасын мүнөздөөчү жекече өзгөчөлүк болуп саналат. Жүрүү динамикасы деген психикалык процесстердин темпин, ритмин, узатыгын, интенсивдүүлүгүн жана адамдын жүрүш-турушундагы сырткы өзгөчөлүктөрдү, активдүүлүгүн, кыймылдуулугун, реакциясы, анын темпин билдирет.
Темперамент личносттун динамикалык өзгөчөлүгүн, мүнөздөйт, бирок анын ишеничин, көз карашын, кызыкчылыгын, мүмкүнчүлүк деңгээлин аныктабайт.
Иш-аракеттин психикалык динамикасы, жалаң гана темпераментке, эмес, мотивге, адамдын психикалык абалына да каранды. Адамда конкреттүү ишке карата мотив күчтүү болсо, ал темпераментине карабай көп эле мээнет кылып, ишти сапаттуу аткара берет. Алсак, адам жакын, сүйүктүү жолдошунан ажыраган да кайсы темпераментте болбосун, анын кайгыруусу, туталануусу, өзгөчө абалда өтөт. Ошондуктан темпераментти мотивден айырмалай турган өзгөчөлүктөрдү билүү зарыл:
1. Темпераменттин айрым туруктуу касиеттери адамдын иш-аракетинин түрдүү салааларында пайда болот: эмгекте, кетинин түрдүү салааларында пайда болот: эмгекте, оюнда, ж.б.
2. Темпераменттин айрым касиеттери адамдын турмушунда узак убакытка чейин туруктуу кылат.
Адамдын теипераментинин тигил же бул касиеттери кокустан гана жаралбастан, топтолбостон мурдатан бери болуп, бири-бири менен тыгыз органикалык байланышта турат.
Do'stlaringiz bilan baham: |