111
Үч саны дүйнө элдеринин маданияттарында кеӊири
колдонулган сакралдык сандардын бири болуп саналат. Аталган
сандын аталышы бардык тилдеринде дээрлик окшош келет.
Жалпы түрк тилдерине мүнөздүү болгон
үч санын кээ бир
окумуштуулар (Чанышев)
уч сөзү менен байланыштырышса, кээ
бири монгол тилиндеги
üčü-ken (кичинекей, бир аз), тунгус
тилиндеги
uču-le сөздөрү менен салыштырат (Рамстед)
ж.б.[Муратова, 11].
К.К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча” сөздүгүндө кыргыздын
улуттук оюндары болгон ордо, чүкө оюндарындагы эсепте үч
санынын колдонулушун көрсөтөт. Алсак,
бирдин үчү (беш),
бирдин үчү бир (алты), бирдин үчү эки (жети), экинин үчү (он),
бештин үчү (жыйырма беш) ж.б.
Азыркы мезгилде лингвистикада дүйнөнүн тилдик бейнеси
деген түшүнүктүн ичинде тилге камтылган сөздөр, түшүнүктөр
аркылуу дүйнө тааным аныкталат.
Анын ичинде тилдеги санак
системасы жана анын турмуш-тиричиликте, кепте колдонулушу
да өзгөчө орунда турат.
Түрк элдеринде
үч саны дүйнөнүн жердин алды, жердин үстү
жана а асман деген мифологиялык мейкиндик түшүнүгү менен
байланышат. Адамдын байыркы дүйнө жөнүндөгү мифологиялык
дүйнө таанымы турмуш-тиричилигиндеги ырым-жырымдарда,
үрп-адаттарда спецификалык жана образдуу материалга айланган.
Алсак, ырым-жырымдарда ар кандай ритуалдар үч
жолу жасалат,
тиешелүү сөздөр үч жолу айтылат. Кыргыз элинде бала жыгылып
кетсе, жерге үч жолу түкүрөт, көз тийсе, башынан сууну үч жолу
айлантып, жерге төгөт. Ошентип, үч саны башталышка, ортосуна
жана аягына ээ болгон бүтүндүүлүктү туюндурган символдук
белги болуп саналат.
Кыргыз элинде
сууну баштан айландырган ырымы бар.
Балдар алыстан же догдурдан чыгып келгенде,
баштан суу
айландырып чачылат. Ошол ооруусу, жолдон жабышкан жаман
нерселер суу менен кетсин, суудай таза болсун деп. Келген адамды
эшиктин алдынан эле үйгө киргизбей, чоң чыныга суу куюп келип,
башынан
үч жолу айландырып “менин колум эмес, Батма Зуура-
нын колу” деп,“балакет-салакет, илешкен шайтандар кетсин” деп
112
өзүн
үч жолу түкүртүп, алыс көчөгө сууну чачуу керек. Ырым-
далган адамды артын каратпай үйгө киргизүү зарыл. Кылчактап
карабаш керек. Жаман нерселер кайрылып келет анда. Чыныны
талдын түбүнө
үч күн көмөрүп коюулат. Анткени чыны жылдыз
көрүшү керек. Жылдыз, түн да жакшы нерсе. Жамандык узап кет-
кенден кийин, чыныны алып кийрип коёт [4].
Ал эми өлүк коюу салтында, маркумду үчүнчү күнү мүрзөгө
коюп, үч кундөн кийин үчүлүк өткөрүшөт.
Кыргыз элинде
үч уктаса түшкө кирбеген (
ойго келбеген, таӊ
калычтуу), үч көчкөндөй көӊүл калуу деген фразеологизмдер бар.
Кыргыз
тилинде үч санына байланыштуу калыптанган
улуттук түшүнүктөр арбын кездешет. Мисалы,
үч журт (ата журт,
таяке журт, кайын журт),
үч байлык (ден соолук, ак жоолук, оӊ
соолук),
үч арсыз (уйку, күлкү, тамак) ж.б.
Ал эми кыргыздын улуу “Манас” эпосунда үч санына
байланышкан мындай аталыштар кездешет: Үч -Алматы, Үч -
Арал, Үч -Арт, Үч -Башат, Үч-Булак, Үч-Жыргалаӊ, Үч-Кошой ж.б
Do'stlaringiz bilan baham: