Публицистика 1-текст эрнис турсунов: асанкан жумакматовдун артында калган издер



Download 23,14 Kb.
Sana17.07.2022
Hajmi23,14 Kb.
#812609
Bog'liq
Публицистика 11-класс


Публицистика
1-текст
ЭРНИС ТУРСУНОВ: АСАНКАН ЖУМАКМАТОВДУН АРТЫНДА КАЛГАН ИЗДЕР


КАЙРАН ЗАЛКАР
Социалисттик сүргүндүн тап душманы катары Украинага айдалып, сүргүндөн келгенден кийин Асанкан Жумакматов Фрунзедеги педтехникумга кирет. Бир жылдан кийин опера-балет театрынын башкы дирижеру В.В.Целиковский кыргыз искусствосунун 1-декадасына карата жөндөмдүү жаштарды тандап жүрүп, жакшы окуп жаткан Асанканды театрга алып кетет.
Асанкан педтехникумду таштап, театрдын оркестрине литаврист болуп кирет. Ушундан тартып анын кыргыз искусствосундагы жолу көрсөткөн. Шубин уюштурган эл аспаптар оркестринде Мураталы, Молдобасан, Карамолдо, Ыбрай, Чалакыз, Осмонкул, ж.б. катышкан. Опера-балет театрынын артисттери Малдыбаев, Боталиев, Садыков, Эшимбеков, Кийизбаева, Куттубаевалар «Алтын кыз», «Ажал ордунда», «Айчүрөк» опера, драмаларда негизги партияларды ырдашкан. Көшөгөнү Яков Штоффер чыгыш табитинде жомоктогудай кооздогон.
Кыял чабыты көкөлөп турган сүрөткер Штоффер экинчи акт үчүн эки чоң боз үй жасаган. Аны сахнага орнотууга бир топ убакыт талап кылынгандыктан, антракты саал создуктуруп коюшкан. Ошол учурда Асанкан оркестранттар менен Пушкин көчөсүнө чыгат. Жалтыраган лимузин токтойт. Ак калпак, кыргыз чепкенчен, эчтеме оюнда жок Асанкан чуркап барып, эшикти ача коёт. Калган катышуучулар, музыканттар караанын көрсөтпөй жоголушкан. Лимузинден Сталин, Маленков, Микоян чыгат. Аларды дароо тааныйт.
— Саламатсызбы, жолдош Сталин!
— Сен ким?
— Мен кыргызмын.
— Ырдайсыңбы, бийлейсиңби?
— Добулбас кагам!..
Бул сүйлөшүү бир нече мүнөткө созулуп бараткандыктан, жансакчысы келип, «кечиресиз, жолдош Сталин» деп театрга киргизип кетет. Асанкан учкан бойдон келип, оркестрдеги булуңга отуруп калат. Өкмөттүк ложанын тереңинде Сталин отурат. Көрүүчүлөр: «Жашасын, Сталин! Жашасын, Сталин!» — деп кол чаап, жер тепкилеп жибергенде, Сталин пардадан чыгып , көпчүлүккө таазим кылат.
Асанкан Кыргызстанга эвакуацияланып келген Рахлиндин симфониялык оркестринде урма аспапта иштеп калган. 1942-жылы аскерге чакырылып, салгылаштарга катышат. 1943-жылы жарадар болуп, госпиталга жеткирилет. Ийнинен үзүлүп, шалактаган колун кесмек болушат. Бирок дирижер болсом деп бала кезинен эңсеген кесипке ээ болуш үчүн кол керек. Хирургдардан көптөн-көп өтүнүп суранган соң, алар консилиум өткөрүп, колдун мүрүнөн кеспей, сөөктөрдү бириктирип, акырекке жамап, пластелин өткөрүп, гипстеп салышат… Таштай болуп каткан гипс кол менен мойнун капталына кыйшайтып бир жыл, эки ай госпиталда турат. 1944-жылы аскерден демобилизацияланып келип, театрда урма аспапка литаврист болуп кирет.
1945-жылы Москва консерваториясынын алдында улуттук студия ачылат да, дирижердук факультетке кирет. Асанкан күнүгө машыгып, колун көндүрөт, эң жакшы окуйт.
1948-жылы Москва консерваториясынын улуттук студиясын артыкчылык менен бүтүрүп, Кыргыз опера-балет театрынын башкы дирижерлугуна дайындалат. Кыргызстандык көрүүчүлөрдү классикалык чыгармалар менен тааныштыра баштайт. Чуйковскийдин «Карганын дамасы», Даргомыжскийдин «Суу пери» операларын коюуга киришет. Андан соң кыргыз операларынан «Көл боюнда», «Алтын Көкүлдү», «Алтын кызды» жана «Ким кантти?» деген музыкалык комедияны коёт. Башкы дирижер катары биринчи чоң эмгеги «Кармен» операсы болду.
Улуттук студиянын деңгээлинде болгондуктан, 1948- 1953-жылга чейин театрда иштеп,тажрыйба топтоп, консерваториядан профессионалдык адистеги окуусун улантууну көздөйт.
Консерваторияда окуп жүргөндө Асанкан үч жерде иштечү. Күндүз Моссовет театрында дирижер, түнкүсүн Кинематография оркестри менен фильмдердин музыкасын жазышчу. Моссовет театрында иштеп калгандыгынын себеби анын көркөм жетекчиси жана башкы режиссеру Юрий Завадский сталиндик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча комитеттин председатели эле. Ал Асанкан опера-балет театрында башкы дирижер болуп турганда сыйлыкка көрсөтүлгөн. «Көл боюнда» операсын көрүп тандап алууга Фрунзеге келип калат. Комиссия спектаклди жактырат. Бирок кол койдуруш үчүн Сталиндин алдына келерден мурда боло турган лауреаттардын тизмеси Хрейниковдун колуна тийет. Ал анда СССР композиторлор союзунун председатели, СССР Жогорку советинин депутаты, Власов менен мамилеси жаман экен, ал тизмедеги Власов, Фере, Кийизбаева, Куттубаев, Малдыбаев, Жумакматов деген фамилияларды сызып таштайт. Анын үстүнө бири-биринин үстүнөн жазган кыргыздардын арызы столунда жаткан.
Ошол күндөрдө Завацкий Жумакматов койгон «Русалканы» көрүп, келечек пландарына кызыгат. Асанкан «Окуумду улантсамбы» деген оюн айтат. «Эгер консерваторияга кирсеңиз, Моссоветтин театрына келиңиз, мен сизди кызматка алам», — дейт. Ошентип Москвада окуп, иштеп да калат.
1955-жылы аны экинчи декаданын музыкалык жетекчиси кылып дайындашат. Декаданын чордону «Токтогул операсы» болду. Театрдын тарыхында төрт «Токтогул операсы» жазылган. Бирок Асанкан аны Москвалык көрүүчүлөргө ылайыктап музыкалык материалдарын, либреттосун да кыскартып, репертуарга киргизген.
«Аида» операсында С.Кийизбаеванын үнү жетпей калганда, «бул партияны Сатаевага бериңиз. Аида 18 жашар кыз, сиз элүүдөсүз, семирип да кетипсиз, спектаклди кулатасыз, сиз режиссерлукка өтүңүз» десе, «Жок, мен сахнада ырдап жатып өлөм, дайым биринчи болуп келгем», — деп министрге арызданып, Жумакматовду иштен чыгарткан. Жумакматов Кыргызстандан кубаланып, Азербайджанга кеткен. Россия менен Кыргызстандын кошулгандыгынын 100жылдыгына карата Жумакматовду Азербайджандан чакыртып, кыргыз өкмөтү кечирим сурап, эл аспаптар оркестрине башкы дирижер кылган. Иши жакшы жүрбөй калган оркестрди жолго коюп, Токтогулдун, Мураталынын, Карамолдолордун элүүдөн ашык күүлөрүн оркестрге салган.

Театрдын музыкалык жетекчиси катары отуз жыл, филармонияда эл аспаптар оркестринде үч жолу иштеп, аны бийик профессионал деңгээлге көтөрүп, дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдыртты.


Асанкан Жумакматов кыргыз опера жана балет театрында элүүдөн ашык спектаклдерди койгон. Эгер Асанкан Жумакматов болбогондо, опера-балет театры бүгүнкү күндөгүдөй бардыгынан кол жууп, жетимсиреп, аңгырап турат беле, ким билет.(699 сөз)
Тапшырмалар:

  1. Текстти окуӊуз.

  2. Автор тарабынан текстте көтөрүлгөн көйгөйдү жана анын актуалдуулугу эмнеде экендигин аныктаӊыз.

  3. Чыгармада козголгон көйгөйгө карата жеке көз карашыңызды эссенин талаптарына ылайык далилдеп (аргументтештирип) жазыӊыз.

Download 23,14 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©hozir.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling

kiriting | ro'yxatdan o'tish
    Bosh sahifa
юртда тантана
Боғда битган
Бугун юртда
Эшитганлар жилманглар
Эшитмадим деманглар
битган бодомлар
Yangiariq tumani
qitish marakazi
Raqamli texnologiyalar
ilishida muhokamadan
tasdiqqa tavsiya
tavsiya etilgan
iqtisodiyot kafedrasi
steiermarkischen landesregierung
asarlaringizni yuboring
o'zingizning asarlaringizni
Iltimos faqat
faqat o'zingizning
steierm rkischen
landesregierung fachabteilung
rkischen landesregierung
hamshira loyihasi
loyihasi mavsum
faolyatining oqibatlari
asosiy adabiyotlar
fakulteti ahborot
ahborot havfsizligi
havfsizligi kafedrasi
fanidan bo’yicha
fakulteti iqtisodiyot
boshqaruv fakulteti
chiqarishda boshqaruv
ishlab chiqarishda
iqtisodiyot fakultet
multiservis tarmoqlari
fanidan asosiy
Uzbek fanidan
mavzulari potok
asosidagi multiservis
'aliyyil a'ziym
billahil 'aliyyil
illaa billahil
quvvata illaa
falah' deganida
Kompyuter savodxonligi
bo’yicha mustaqil
'alal falah'
Hayya 'alal
'alas soloh
Hayya 'alas
mavsum boyicha


yuklab olish