Текст редактор ms word


Документтерди ачуу жана жабуу



Download 13,26 Mb.
bet2/59
Sana23.02.2022
Hajmi13,26 Mb.
#140876
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   59
Bog'liq
ТЕКСТ РЕДАКТОР MS WORD

Документтерди ачуу жана жабуу

Текст редакторун иштетүүдө ар дайым жаңы документ ачылат, бирок көбүнчө буга чейин бар болгон документти ачууга туура келет. Буга болгон документти ачуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:



  1. «Файл» менюдагы «Открыть» командасын тандаңыз.

  2. Папкадагы тизмеден дискти тандаңыз, ачууну талап кылган файлды камтыган папканы, же Интернет ресурсун тандаңыз.

  3. Папкадагы тизмеден керектүү файлды камтыган папканы таап туруп, ачыңыз.

  4. Файлды белгилеп туруп, андан соң «Открыть» баскычын басыңыз.

Документти окуу үчүн да, көчүрүү үчүн да ачууга жана кайра калыбына келтирүүгө болот. Опциянын бардык маалыматтары сиз үчүн колдонууга оңой келет, «Открыть» деген баскычтын жанындагы жебечени басып, андан соң керектүү команданы тандаңыз. 5.1. сүрөттө аталган баскыч активдүү эмес.


5.1-сүрөт


Бул көнүгүүдө буга чейин болгон документти сактабастан ачасыз жана жабасыз.



  1. Word текст редакторун иш абалына келтириңиз.

  2. Иш столундагы Word ЕСDL папкасынан Введение документин ачыңыз. Ал үчүн «Файл» менюсунан, же стандарттык куралдар панелинен «Открыть» командасын басыңыз. Иш столун басыңыз, андан соң, эки ирет Word ЕСDL папкасын чыкылдатыңыз. Папкада Введение файлын басып, андан соң «Открыть» баскычын басыңыз.




  1. М еню сабында «Закрыть» баскычын басыңыз.

Бул команданы активдештирүү үчүн документтеги тиешелүү команданы басыңыз, ошондо «Открыть» баскычы активдешкенин көрөсүз. Документти ачуунун башка ыкмасы, стандарттык куралдар панелинде «Открыть» баскычын басыңыз, же «Приступая к работе» (Ишке киришүү) тапшырмалар панелинде тиешелүү команданы колдонуңуз.


Бул панелдин жардамы менен мурдагы болгон документтин негизинде жаңы документ түзүүгө болот, өзгөчө нуска документти өзгөртпөй сактап калуу зарыл болгондо, ал өтө ыңгайлуу.
Сиз документти ачканда титулдук сапта программанын сүрөтүн жана файлдын атын камтыган баскыч пайда болот. Көптөгөн документтер ачылышы мүмкүн, бирок, ар бир тиешелүү мөөнөттө алардын бири гана активдүү болот. Активдүү аталыштын сабы башкаларга караганда кочкул болот.
Ачык болгон документтердин биринен-бирине өтүү үчүн, жөн гана титулдук сапта керектүү документти басып, же менюдан «Окно» менен колдонсоңуз болот, андагы тизме ачык документтердин баарын камтыйт, ал эми активдүү документ галочка менен белгиленет.


КЕҢЕШ_________________________________________________

Ар дайым сиз Word ду иштеткенде, тапшырмалар панели да ачылат. Эгер сиз Word ду иштеткенде, анын ачылышын каалабасаңыз, менюдагы «Сервис» параметрин жана «Вид» киргизилмесиндеги «Область задач» желекчени алып коюңуз андан соң ОКди басыңыз.


Word сиздин документтериңиздин жанында чакан вертикалдуу терезеде жалпы тапшырмалар үчүн тапшырмалар тармагында командаларды уюштурат, керек болгон учурда ал ачылат. Мисалы Word до иштеп баштаганда, документти ачууга жана түзүүгө зарыл болгон командаларды камтыган башталгыч тапшырмалар панелин көрөсүз. Башталгыч тапшырмалар панелин сакталган документти ачканга, же жаңы документти ачканга, буга чейин болгон документтин негизинде документ түзгөнгө, же мисалы катча, же резюме сыяктуу айрым бир типтеги тиешелүү структура жана стилдеги шаблон - файлдын негизинде документ түзгөнгө колдонсоңуз болот.







Download 13,26 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   59




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©hozir.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling

kiriting | ro'yxatdan o'tish
    Bosh sahifa
юртда тантана
Боғда битган
Бугун юртда
Эшитганлар жилманглар
Эшитмадим деманглар
битган бодомлар
Yangiariq tumani
qitish marakazi
Raqamli texnologiyalar
ilishida muhokamadan
tasdiqqa tavsiya
tavsiya etilgan
iqtisodiyot kafedrasi
steiermarkischen landesregierung
asarlaringizni yuboring
o'zingizning asarlaringizni
Iltimos faqat
faqat o'zingizning
steierm rkischen
landesregierung fachabteilung
rkischen landesregierung
hamshira loyihasi
loyihasi mavsum
faolyatining oqibatlari
asosiy adabiyotlar
fakulteti ahborot
ahborot havfsizligi
havfsizligi kafedrasi
fanidan bo’yicha
fakulteti iqtisodiyot
boshqaruv fakulteti
chiqarishda boshqaruv
ishlab chiqarishda
iqtisodiyot fakultet
multiservis tarmoqlari
fanidan asosiy
Uzbek fanidan
mavzulari potok
asosidagi multiservis
'aliyyil a'ziym
billahil 'aliyyil
illaa billahil
quvvata illaa
falah' deganida
Kompyuter savodxonligi
bo’yicha mustaqil
'alal falah'
Hayya 'alal
'alas soloh
Hayya 'alas
mavsum boyicha


yuklab olish