Узун документтерди карап чыгуу үчүн вертикалдык тегеретүү сабынын ылдый жагындагы.
«Выбор обьекта» баскычын колдонсо болот. Бул баскычты басканда, документти: барак боюнча, эскертүү боюнча, сүрөт жана башка обьектер боюнча көрүү ыкмаларын камтыган меню ачылат.
Бул көнүгүүдө сиз бир эле учурда бир нече терезеде ачылган документтерди карап чыгып, биринен-бирине өтүп, документтин ичинде дагы орун алмаштырасыз.
Стандарттык куралдар панелинде «Открыть» баскычын басыңыз.
Сол панелдеги «Рабочий стол» белгисин чыкылдатыныз.
Компьютердин иш столундагы Word ECDL папкасына өтүңүз «Рабочие документа» папкасын эки жолу чыкылдатыңыз, эки жолу «открытые документа» папкасын чыкылдатыңыз
Файлдагы Существующий документжана «Открыть» баскычын басыңыз. Документ программанын терезесинде пайда болот
Проблеманын чечилиши. Эгер сиз түйүндө иштеп жатсаңыз, документтер башка колдонуучулар да кирүүгө оңой болгон жерде сакталышы мүмкүн. Башка компьютерде ачылган документти ачуу үчүн, Word кеттин үч жолун сунуштайт. Сиз документти «Только чтение» режиминде ачасыз, ал сизге документти карап чыгууга мүмкүндүк берет, бирок өзгөртүү киргизип жана сактай албайсыз. Сиз компьютериңизде документтин көчүрмөсүн түзүп жана редакциялай аласыз жана кийин оңдогондоруңузду кошуп койосуз, же түп нускасы сизде болгончо күтүп турсаңыз болот.
Курсорду саптын башына жайгаштыруу үчүн Home баскычын басыңыз.
Курсорду саламдашуудагы «бизнес» деген сөздүн башына алып келүү үчүн → клавишаны он бир жолу басыңыз.
Курсорду саптын аягына жайгаштыруу үчүн End клавишасын басыңыз.
Курсорду документтин аягына алып келүү үчүн Ctrl + End клавишаларын басыңыз.
Курсорду документтин башына алып келүү үчүн Ctrl + Home клавишаларын басыңыз.
Жүгүртмөнү тегеретменин вертикалдык тилкесинин эң төмөн жагына алып барыңыз. Терезеде документтин аягы көрүнөт, бирок курсор документтин башында калды.
Документти бир экрандык баракка жогору жайгаштыруу үчүн, тегеретменин вертикалдык тилкесиндеги жүгүртмөнүн үстүн чыкылдатыңыз.
Документтин оң бөлүгүн көрүү үчүн, тегеретменин горизонталдык тилкесиндеги оңго багытталган жебечени бир нече жолу чыкылдатыңыз.
Тегеретменин горизонталдык тилкеси боюнча жүгүртмөнү солго катуу басуу керек.
Т 5.12-сүрөт егеретменин вертикалдык тилкесинин төмөн жагында жайгашкан «выбор обьекта» баскычын басыңыз. Обьектердин менюсу пайда болот. (5.12-сүрөт)
Ар бир обьекти көрсөтүү менен көрсөткүчтүү обьекттер менюсуна жайгаштырыңыз. Экранда биринин артынан бири өтмө обьекттердин аттары көрсөтүлөт.
«Страница» баскычын басыңыз. Курсор экинчи барактын башына өтөт.
Стандарттык куралдар панелинде «Открыть» баскычын басыңыз. «Открытие документа» диалог терезеси пайда болгондо «Открытый документ» файлын эки жолу чыкылдатыңыз.