Документтерди сактоо
Документтин терезесинде көрсөтүлгөн текст, компьтердин эс тутумунда сакталат. Аны редакциялап жана басып чыгарууга болот, бирок Microsoft Word ишин аяктоодо ал жоголуп калат. Киргизилген текстти сактоо үчүн, документти катуу дисктин файлына жазуу керек. Ошондо аны кийин ачып, ишти улантууга болот.
Жаңы документти сактап коюу үчүн, стандарттык куралдар панелинде «Сохранить» баскычын колдонобуз. Документти биринчи ирет сактоодо файлга ат коюуга, жана анын ордун (папка) аныктоого «Сохранение документа» диалог терезеси ачылат.
Бир тематикага, же кандайдыр бир принцип менен бириккен файлдарды бир папкада сактоо сунушталат. Бул маалыматтарды издөөнү жөнөкөйлөштүрүүдө, же маалыматтарды тартипке салууга жол берет. «Создать» баскычы папка түзүү диалог терезесинде жаңы папка түзүүгө жол берет.
5.6 - сүрөт
Жаңы файлды сактай турган папка жана дисктин жайгашуусун, же ордун тандоо жеңил болуу учүн, «Переход на один уровень вверх» баскычын бир дэңгээлге жогору басыш керек, же диалог терезенин сол бөлүгүн колдонсоңуз болот. Адатта, файлды сактоо үчүн колдонулган бул панель катуу дисктеги орундарга тез жетүүнү камсыздайт. Windows до алдын ала папка түзүп койсоңуз болот же түздөн-түз Word го «Сохранение документа» диалог терезесинде «Создать папку» баскычын басуу менен дагы түзсөңүз болот.
Бул көнүгүүдө сиз дисктеги берилген орунга документти сактайсыз. Word ЕСDL папкасындагы Введение документин ачыңыз.
Меню сабында «Сохранить как» баскычын басыңыз «Мои документы» папкасында «Сохранение документа» диалог терезеси пайда болот.
«Мои документы» папкасында «Создать папку» белгисин басып жаңы папка ачыңыз. Диалог терезеде папкага Сохранение ат коюп, ОКди чыкылдатыңыз.
Файлга Начало деген аталыш берип, «Сохранить» дегенди чыкылдатыңыз. Документти жаап коюуңуз.
Сохранение документа диалог терезесинин жардамы менен документти сактап койгондон кийин, стандарттык куралдар панелиндеги «Сохранить» баскычын басуу менен андан кийинки версиялардын баарын сактап коюуга болот. Бул баскычты баскан сайын жаңы версия мурунку версияны кайра жазып турат. Түп нусканы өзгөртпөстөн, жаңы версияны сактоо үчүн «Файл» менюсун ачыңыз да «Сохранить как» командасын колдонуңуз. Файлга жаңы ат берип, же мурдагы эле аталышында башка папкада сактап коюңуз. Эки документти бирдей аталышта бир папкада сактоого болбойт. Документти файлга сактоо менен сиз аны кайра ачып, ишти уланта аласыз.
КЕҢЕШ_____________________________________________________
Иш процессинде Word программа токтоп калганда, же компьютер өчүп калганда документти кайра калыбына келтирүү үчүн, ал автоматтык түрдө сакталат. «Восстановление документа» тапшырмалар панели баардык калыбына келтирилген документтердин тизмесин камтыйт жана калыбына келтирилген версияларын салыштырууга жол берет. Сактоонун ылдамдыгы «Автосохранение» параметринде берилген убакыттын интервалы менен аныкталат. Автоматтык сактоо функциясын жандыруу үчүн жана керектүү интервалды көрсөтүү үчүн «Сервис» менюдагы «Параметры» командасын басыңыз. «Сохранение» катталмасындагы ар бир «Автосохранение» желекчесин бөлүп, интервалдын маанисин мүнөт менен киргизиңиз жана ОКди чыкылдатыңыз.
Do'stlaringiz bilan baham: |