Жарандардын шайлоого катышуу принциптери
1. Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же анын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамына ылайык шайлоо укуктарына ээ болот.
Шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялаган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн аймагында добуш беришет.
3. Аялдарга эркектер менен бирдей Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу укугун ишке ашыруунун тең мүмкүнчүлүктөрү камсыз кылынат.
Шайлоочулардын тизмелерин түзүү
1. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.
2. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнү активдүү шайлоо укугуна ээ жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Шайлоону даярдоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечими боюнча жарандарды биометрикалык каттоо, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын аэропортторунун, темир жол бекеттеринин аймагында да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Шайлоочулардын тизмесин түзүү Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече (анын ичинде биометрикалык) маалыматтардын негизинде, шайлоо участокторунун чектерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнү, сактоону жана актуалдаштырууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
4. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси курагы 18 жашка жеткен, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар жөнүндө маалыматтарды Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен автоматтык жүктөп алуу жолу менен жана шайлоо участокторунун чегин эске алуу менен түзүлөт.
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн калганда шайлоочулардын мамлекеттик порталында участоктор, райондор жана шаарлар боюнча, шайлоочунун туруктуу же иш жүзүндө жашаган жери, туулган күнү жөнүндө маалыматтарысыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү түрдө тактоо, тизмедеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
5. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иштерде) болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башка адамдар жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар жөнүндө маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлүп, тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 85 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүп берилет.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн, консулдук (убактылуу консулдук) каттоого турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасын, түрүн жана тартибин тышкы иштер маселелерин тейлеген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт.
7. Шайлоочулардын мамлекеттик порталында жайгаштырылган жана ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн алдын ала тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан басып чыгарылат жана добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күндүн ичинде участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилет.
Do'stlaringiz bilan baham: |