Физиканы окуп үйрөнүүдө билимдердин булагы жана изилдөө методу катары эксперимент кызмат кылат



Download 27,66 Kb.
Sana23.02.2022
Hajmi27,66 Kb.
#145046
TuriЗакон

Физиканы окуп үйрөнүүдө билимдердин булагы жана изилдөө методу катары эксперимент кызмат кылат.
Окуу эксперименти – сабак учурунда физикалык кубулуштардын өтүү процесси, закон ченемдери,ар кандай көз карандылыктарды атайын куралдарын жардамында көрсөтүү.Ошондуктан окуу эксперименти бар эле убакытта билимдердин булагынын, окутуу каражатынын жана изилдөө методунун милдетин аткарат.
Мектептин шартына ылайык физикалык окуу эксперименти төрт түргө бөлүнөт

  1. Демонстрацичлык тажрыйбалар.

  2. Фронталдык лабораториялык иштер.

  3. Физикалык практикумдар.

  4. Класстан тышкаркы байкоолор жана тажрыйбалар.

1.Демонстрация- физикалыккубулуштар жана алардын арасындагы байланыштарды мугалимдин тажрыйба да көрсөтүүсү.Ал бир эле убактагы класстагы бардык окуучулар кабыл алууга негизделген, б.а. кубулушту класстагы бардык окуучулар бир убакта кабыл алышат.
Демонстрация тажрыйбалар, физиканы окутуудагы көрсөтмөлүулук эмне үчүн керек? Бул суроого жооп берүү үчүн В.И.Лениндин объективдүү чындыкты таанып билүүнүн жолу жөнүндө айткан төмөнкү учкул сөзүң эске салалы. Ал «Жандуу баамдоодон абстрактуу ой жүгүртүүгө, андан практикада»,- деп айтылат. Бул таңып-билуу процесси ар дайым жандуу баамдоодон, башкача айтканда көрүүдөн, угуудан,тери менен сезуудон,бир нерсенин жытын же даамын татуу дан башталат дегенди билдирет. Демек физиканы окутуу дагы көрсөтмөлүулук, тажрыйбалар окуучулардын жандуу баамдоосун пайда кылууну каражаты болот. Сөз менен айтып бере албаганды кагазга чийип көрсөтсө болот. Бирок кубулушту жүрүү механизмдерин баарынын сүрөтүн чийүү мүмкүн эмес. Ошол үчүн тажрыйбалар демонстрацияланат. Тажрыйба да көрсөтүүгө мүмкүн болбогондор кинофильм, мультфильм аркылуу жеткирилет. Кай бир кубулуштардын жүрүү механизмдерин көрсөтүү үчүн азыркы учурда компьютердик технологиялар кеңири колдонулат. Андан кийин сезип, кабыл алынгандар аң- сезимде талдоодон өтөт. Бул ой жүгүртүү аркылуу ишке ашат. Ой жүгүртүүнүн натыйжасында кубулуштун мазмуну өздөштүрулот, башкача айтканда окуучу физикалык билимге ээ болот. Билимдерди практикада колдонгонго үйрөнгөнгө гана,ал адам үчүн чыныгы билим болуп эсептелет.
Демонстрациялык тажрыйбанын методикасы- тажрыйба жасоого аз убакыт сарп кылуу менен окуучулар га максималдуу таасир берүүнү аныктайт,б.а төмөнкү суроолорду чечет: берилген тажрыйбаны кандай удалаштыкта жасоо керек? Тажрыйба учурунда окуучулардын көңүлүн эмнеге буруу керек? Тажрыйбанын ар бир бөлүгүн кандай темпте аткаруу керек? Тажрыйбаны канча жолу кайталоо талап кылынат? Ж.б.
Демонстрациялык тажрыйбанын технологиясы деп – тажрыйбанын натыйжалуу камсыз кылуу каражаттардын жана ыкмалардын жыйындысы түшүнөбүз.
Тажрыйба натыйжалуу болсун үчүн төмөнкү шарттардын аткарылышы зарыл.

  1. Мазмундулугу. Ал куралдары туура талдоо жана кубулуштун мазмуну толук үйрөнүүгө түзүлгөн шарттар менен аныкталат.

  2. Демонстрациянын жыйынтыгы чексиздиги, ырастыгы (достоверность). Ал демонстрациянын жыйынтыгы эч кандай шек саноону туудурбоочу варианты тандоо менен мүнөздөлөт.

  3. Демонстрациянын корунумдуулугу. Бул талап жалпы класстагы окуучулардын куралдары гана эмес анын ар бир деталь ачык көрүүгө багытталган шартты түзүү аркылуу аныкталат.

  4. Демонстрациянын көрсөтмөлүугу. Бул талап көрсөтүлүүчү кубулуш ачык жана так, жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу менен аныкталат.

  5. Демонстрациянын жыйынтыгын ишенимдүүлүгү. Тажрыйба эч качан туура эмес ой жүгүртүү алып келбоого, б.а анын жүрүшүндө ар бир фрагмент жана жыйынтык ар дайым ишенимдүү бөлүүга тийиш.

  6. Демонстрациялык тажрыйба жүргүүзүго көп убакыт сарпталатго тийиш. Ал болсо мугалим тарабынан тажрыйбаны аткаруунун оптималдуу вариант ойлонуштуруп жана ал бир нече жолу кайталанып жасалуу аркылуу ишке ашат.

  7. Демонстрацияны эстетикасы. Тажрыйбаны аткаруунун көркөмдүгү, куралдары материалдардын сырткы көрүнүшү кызыктуулугу ж.б.

  8. Демонстрацияны аткаруунун ишеничтуулугу. Куралдардын көрсөтүүсүн тактыгы, түзүлүштүн ар кандай элементтерден бекемдиги ж.б аркылуу аныкталат.

  9. Демонстрация жасоо учурунда техникалык коопсуздукту сактоо.

2. Фронталдык лабораториялык иштер.


Лабораториялык иштер төмөнкү маселелер чечүүгө жардам берет: билимдерди практикада пайдалануу га үйрөтөт; политехникалык билим берүүнүн каражаты катары кызмат кылат; турмушта жана эмгекте керек болуучу ыкмалары жана конумушторду калыптандырат; окуучулар кесип тандоо көмөк берет; окуучунун өздүк сапатын жетилет ж.б.
Лабораториялык иштерди ар кандай белгилери боюнча классификациялоо болот.

  1. Мазмуну боюнча.

  2. Аткаруунун жана жыйынтыгын иштетүүнүн методдору боюнча (байкоо, сапаттык тажрыйба, өлчөөчү иштер, чоңдуктардын сандык көз каранды изилдөө ж.б.)

  3. Окуучулардын өз боюнча (текшерүүчү,изденуучу жана чыгармачылыкты талап кылуучу).

  4. Дидактикалык максаты боюнча (жаңы материалды үйрөнүү чыгармачылыгын өнүктүрүү ж.б)

  5. Окутуу процессинде орду боюнча (алдың алуучу иштер, иллюстрация, жыйынтыктоочу)

  6. Өткөрүүнүн орду боюнча (класста ,уйдо, өндүрүштүк лабораторияда)

  7. Уюштуруунун жолу боюнча (фронталдык,физпрактикум)

  8. Өткөрүү убактысы боюнча кыска мөөнөттүү фронталдык иштер,бир сааттык фронталдык иштер,2 сааттык практикум.

Айрым учурда лабораториялык иштерди төмөнкучо классификациялашат.

  1. Физикалык кубулуштардын байкоо жана үйрөнүү.

  2. Өлчөөчү куралдар менен таанышуу жана физикалык чоңдуктарды өлчөө.

  3. Физикалык куралдарын техникалык түзүлүштөрүн иштөө принциби менен таанышуу.

  4. Сандык закон ченемдүүлүктөрүн байкоо жана текшерүү.

  5. Заттардын физикалык муноздолорун жана турактуулуктарды аныктоо.

Фронталдык лабораториялык иштин саны, темалары окуу программасында көрсөтүлгөн. Мектептин, физика кабинетине шартына ылайык алардын санын мугалим өзү тандап алат. Кайсы бир иштерди башкалар менен алмаштыруу га мугалимге уруксат берилет.
Фронталдык лабораториялык иш учурунда класстагы окуучулар 2-3тон бир нече группага болунушуп, бардыгы бир эле жумушту аткарышат. Ар бир группага бирдей куралдар , материалдар берилет. Иштин максаты, керек болуучу жабдуулар,ишти аткаруу тартиби, жыйынтык чыгаруунун жолу окуу китебинде толук берилген. Аларга кошумча маалыматтар мугалим кошумча түрдө сунуш кылат. Окуу китебиндегилерден башка суроолорда сунуш кылынат. Физикалык куралдарын пайдалануу менен катар эле, лабораториялык иштерди аткаруунун компьютердик варианты да сунуш кылынат. Ал мугалим тарабынан сунуш этилет.
Лабораториялык ишке арналган сабактын структурасы: киришүү иретиндеги аңгеме, окуучулардын эксперимент аткаруусу, алынган жайынтыкты иштетүү жана жыйынтыктоо.
3. Физикалык практикумдар.
Физикалык практикум – лабораториялык- практикалык ишти жүргүзүунун эң жогорку формасы болуп эсептелет. Ал окуучулардын жогорку деңгээлдеги өз алдынча жана керектелүүчү куралдары татаалдыгы менен мүнөздөлөт.
Адатта практикум курстун белгилүү бөлүгүн бүткөндө же жалпы курстун акырында бардык өлтүргөндөр кайталоо, билимдерди бышыктоо жана тереңдетүү максатында аткарылат. Ар бир курстагы практикумдар ушул максатта тандалып алынган.
Практикум көлөмү да окуу программасында аныкталган.
Физикалык практикум бир сааттык же эки сааттык иштер кылат. Ал мектептин материалдык базасынан көз каранды.
Практикумга караты инструкцияда:1) маселенин кыскача теориясы жана изилдөөчү чоңдукта аныктоонун бир жолу;2) куралдарын тизмеси жана алардын ичинен окуучулар га белгисизинин инструкциясы;3)ишти аткарууну тартиби;4) өлчөөнүн жыйынтыгы чыгаруунун тартиби жана каталык эсептөөнүн жолу;5) кошумча суроолор жана тапшырмалар.
Ишти аткаруу боюнча окуучунун отчетунда: түзүлүштүн схемалык сүрөтү; ишти аткарууну жолу; байкоонун жана өлчөөнүн жыйынтыгы; эксперимент алынгандарды иштетүү;жыйынтыктоо ; каталыкты эсептөө ; кошумча суроолор жооп буруу ж.б болууга тийиш.

  1. Класстан тышкаркы байкоолор жана тажрыйбалар жаратылыш, үйдө, өндүрүштүк же илимий лабораторияда,онорканаларда өткөрүлүшү мүмкүн. Ал мугалимдин тапшырмасы боюнча, бирок анын түздөн-туз катышуусун аткарылат. Мындай иштердин түрлөрүн мугалим жергиликтүү өзгөчөлүктөргө, окуучулардын жөндөмдүү, эксперимент жассого болгон кызыгуусуна жараша тандап алат жана айрым окуучуга жекече тапшырма берүүсү да мүмкүн. Көпчүлүк учурларда айрым жөнөкөй куралдары кол менен жасап келүү да сунуш кылынат. Мындай иштердин аткаруу окуучунун байкоо жасай билүү жөндөмүн,өз алдынчалыгын, техникалык маданиятын өстүрүүгө жардам берет.

Download 27,66 Kb.

Do'stlaringiz bilan baham:




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©hozir.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling

kiriting | ro'yxatdan o'tish
    Bosh sahifa
юртда тантана
Боғда битган
Бугун юртда
Эшитганлар жилманглар
Эшитмадим деманглар
битган бодомлар
Yangiariq tumani
qitish marakazi
Raqamli texnologiyalar
ilishida muhokamadan
tasdiqqa tavsiya
tavsiya etilgan
iqtisodiyot kafedrasi
steiermarkischen landesregierung
asarlaringizni yuboring
o'zingizning asarlaringizni
Iltimos faqat
faqat o'zingizning
steierm rkischen
landesregierung fachabteilung
rkischen landesregierung
hamshira loyihasi
loyihasi mavsum
faolyatining oqibatlari
asosiy adabiyotlar
fakulteti ahborot
ahborot havfsizligi
havfsizligi kafedrasi
fanidan bo’yicha
fakulteti iqtisodiyot
boshqaruv fakulteti
chiqarishda boshqaruv
ishlab chiqarishda
iqtisodiyot fakultet
multiservis tarmoqlari
fanidan asosiy
Uzbek fanidan
mavzulari potok
asosidagi multiservis
'aliyyil a'ziym
billahil 'aliyyil
illaa billahil
quvvata illaa
falah' deganida
Kompyuter savodxonligi
bo’yicha mustaqil
'alal falah'
Hayya 'alal
'alas soloh
Hayya 'alas
mavsum boyicha


yuklab olish