ǀ
ISSUE 4
ǀ
2022
Scientific Journal Impact Factor (SJIF 2022=4.63)
Passport:
http://sjifactor.com/passport.php?id=22230
75
UZBEKISTAN |
www.caajsr.uz
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө “эрин” сөзүнө мындай түшүндүрмө
берилген: 1. Ооздун булчуӊдуу, кыймылдуу келген астыӊкы жана үстүӊкү кырка
бөлүктөрү. Ал эми өзбек тилиндеги “лаб” сөзүнө
өзбек
тилинин сөздүгүндө
төмөнкүдөй түшүндүрмө берилет: Лаб
[
перс жана тажик тилдерине таандык –
дудоқ,
лаб; чет, қирра
]
1 Оғиз бўшлиғининг кириш қисмини чегаралаб турадиган
ҳаракатчан тери бурмаси (Ташқи томондан тери, ички томондан шиллиқ пардалар
билан қопланган, унинг асосини айланма жойлашган мимика мусқули ташкил
этади).
Ошентип, эки элдин бир түрдүү текстке жана жандырмакка ээ болгон окшош
табышмактардын негизинде эки элди байыркы түрк тилдүү элдерден экенин
далилдөө максатында дал ушул табышмакты орус тилине сөзмө
-
сөз которуп
көрсөк, төмөнкүдөй туура эмес табышмак пайда болот:
Скажу тронь, не тронет,
Скажу не трожь, тронет.
Орус тилиндеги жогорку сөздөрдө өзбек жана кыргыз эл табышмактарында
сүрөттөлгөн жообу “эрин” болгон маани бузулду. Башкача айтканда, орус
тилиндеги мааниде табышмак болбой калды.
КОРУТУНДУ
Өзбек
жана кыргыз тилдериндеги “тий” деген сөздү айтканыбызда, эки
эринибиз бири
-
бирине тийбегендиги, “тийбе” сөзүн айтканыбызда, эки эринибиз
бири
-
бирине тийгендиги
себептүү да ушул табышмак эл тарабынан жаралган. Ал
эми орус тилинде болсо мындай кубулуш жүзөгө ашпады, мындай болбоду. Мына
ушунун өзү эле “өзбек жана кыргыз эл табышмактарынын окшоштугун эки элдин
тилинин окшоштугу аркылуу да пайда болгон” деген тыянакка келүүбүзгө өбөлгө
жаратат.
Өзбек
жана кыргыз элдеринин эӊ сонун метафоралар, жандуу
салыштыруулар,
каймана маанидеги сөз айкаштары менен жылмаланган
табышмактарын
салыштырма
-
типологиялык жактан изилдөөлөр бул элдердеги
табышмактардын
жанрдык
өзгөчөлүктөрү,
турмуштук
функциялары,
варианттуулугу, көркөм тили, классификациясы жана поэтикасы жагынан
алардын жалпылык
жана өзгөчөлүк
жактарын аныктоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, келечектеги жаш муундарга өзбек, кыргыз элдеринин
табышмактарын кеӊири жайылтууга, баа жеткис мурастарыбыздын маанисин
түшүндүрүүгө, сездирүүгө жардам берет.
CENTRAL ASIAN ACADEMIC JOURNAL
OF SCIENTIFIC RESEARCH
ISSN: 2181-2489
VOLUME 2
Do'stlaringiz bilan baham: |