Текст редактор ms word



Download 13,26 Mb.
bet54/59
Sana23.02.2022
Hajmi13,26 Mb.
#140876
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   59
Bog'liq
ТЕКСТ РЕДАКТОР MS WORD

Беттерди бөлүү
Эгерде сиздин документ бирден ашык беттен турса Word аларды «Разрыв страницы» (беттерди бөлүү) аркылуу бири-биринен ажыратып коет. Демейде беттердин бөлүнүшү чекиттерден турган сызык менен белгиленет, ал эми беттерди белгилөө режиминде беттер бири-биринен ажыратылып турат. «Беттерди бөлүүнү» кол менен орноштурса да болот.


КЕҢЕШ____________________________________________________

Word Сиздин тапшырмаңыз боюнча беттерди белгилейт, б.а. кол менен орноштурулган беттерди бөлүү жобосун өзгөртпөйт, бул тапшырмаларды өз алдынча гана өзгөртүүгө болот. «Абзац» диалог терезесинин «Параметры» ар бир өзүнчө алынган абзацка колдонсо болот, ошондой эле аларды стилдерге бириктирип койсо болот.


Беттерди бөлүүдөн башка разделдерди бөлүүнү орноштурууга болот. Бөлүнгөн разделдерге документтин башка бөлүктөрүнөн башкача форматташтырууну колдонсо болот. Разделдерди бөлүү өзүнө ар кандай элементтерди камтыган (мисалы документтин жайгашына карата кайрып колдоно турган таблицаларды же бир нече колонкада көрсөтүү керек болгон тизмелерди камтыган) көп беттерден турган документтерде колдонууда пайдалуу.

Разделдерди бөлүүнү аныктоонун бир нече параметрлери бар.





  • «Со следующей страницы» параметри тексттин башын кийинки бетке жылдырат.

  • «На текущей странице» параметри беттин бөлүнүшүнө таасир этпеген разделди бөлөт.

  • «С четной страницы» параметри разделдин бөлүнүшүн кийинки жуп сандан башталган бетке жылдырат.

  • «С нечетной страницы» параметри разделдин бөлүнүшүн кийинки так сандан башталган бетке жылдырат.

Разделдин бөлүнүшү белгилөө режиминде чагылдырылбайт, демейде ал эки катар пунктир сызыгы менен белгиленип «Разрыв раздела» деген сөздөр менен жана бөлүнүш түрү коштолот.


Тексттерди колонтитулдарга киргизүү жана редактирлөө
Документтин жогорку жана төмөнкү талаасында жайгашкан мейкиндиктер колонтитул деп аталат.(6.3 – Сүрөт)

Колонтитулга документтин ар бир бетинин жогорку же төмөнкү жагында жазыла турган текстти, сүрөттү, беттин номерин, документтин басып чыгарылган датасын, мекеменин эмблемасын, документтин аталышын, файлдын аталышын, автордун атын ж. б. маалыматты киргизип койсо болот.


Колонтитул менен иштей башташ үчүн «Вид» менюсунан «Колонтитулы» командасын тандаңыз.
Бирдей болгон жогорку же төмөнкү колонтитулду ар бир бетте түзүш үчүн төмөнкү аракеттерди аткарыңыз:

  1. Жогорку же төмөнкү колонтитул мейкиндигин ачыш үчүн «Вид» менюсунан «Колонтитулы» командасын тандаңыз.

  2. «Верхний колонтитул» жаратуу үчүн жогорку колонтитулдун мейкиндигине текстти же графикалык элементти киргизиңиз.

  3. «Нижний колонтитул» жаратуу үчүн «Колонтитулы» куралдар панелиндеги Жогорку/Төмөнкү колонтитул баскычын төмөнкү колонтитулга өтүш үчүн басыңыз, андан кийин текстти же графикалык элементти киригизиңиз.

  4. Зарылчылык болсо текстти Форматташтыруу куралдар панелинде жайгашкан баскычтардын жардамы менен форматташтырыңыз.

  5. Колонтитулдарды түзүп бүткөндөн кийин колонтитулдар куралдар панелиндеги «Закрыть» баскычын басып коюңуз.



КЕҢЕШ____________________________________________________
Колонтитулдун ичиндегилер автоматтык түрдө сол кырга карай түздөлөт. Колонтитулдун ичиндегилерди барактын так ортосуна карай түздөө керек болуп калышы мүмкүн же бир нече элементтерди (мисалы, беттин сол кырына датаны, оң кырына беттин номерин) киргизүү зарылчылыгы пайда болуп калышы мүмкүн. Элементти беттин так ортосуна түздөө үчүн Tab
баскычын басыңыз; элементти беттин оң кырына түздөш үчүн Tab баскычын эки жолу басыңыз. Текстти колонтитулдар мейкиндигине киргизиш үчүн Колонтитулдар куралдар панелиндеги баскычтарды колдонсо болот.

Көп учурларда мукаба баракчасы үчүн уникалдуу колонтитул жаратуу керек болот. Биринчи бет үчүн уникалдуу колонтитул жаратуу үчүн төмөндөгүлөр зарыл:



  1. Эгерде документ разделдерге бөлүнгөн болсо керектүү разделди басыңыз же өзгөртүү керек болгон бир нече разделди белгилеп алыңыз. Эгерде документ разделдерге бөлүнбөгөн болсо документтин каалаган жерине баса берсеңиз болот.

  2. «Вид» менюсунан «Колонтитулы» командасын тандаңыз.

  3. Колонтитулдар куралдар панелинде «Параметры страницы» баскычын чыкылдатыңыз.

  4. «Макет» баракчасын ачыңыз.

  5. «Различать колонтитулы первой страницы» желекчесин орнотуп, ОК баскычын чыкылдатыңыз.

  6. Зарылчылык болсо биринчи беттин жогорку колонтитул мейкиндигине же төмөнкү колонтитул мейкиндигине, өтүш үчүн Колонтитулдар куралдар панелиндеги «Переход к предыдущему» же «Переход к следующему» баскычтарын колдонуңуз.

  7. Документтин же разделдин биринчи бети үчүн жогорку же төмөнкү колонтитулун жаратыңыз. Эгерде биринчи бетте колонтитул жок болуш керек болсо, колонтитул мейкиндигин бош калтырыңыз.

  8. Документтин же разделдин калган беттери үчүн колонтитул жаратыш үчүн Колонтитулдар куралдар панелинен «Переход к следующему» баскычын басыңыз, андан кийин керектүү колонтитулду түзүңүз.

Жуп жана так сандагы беттер үчүн ар кандай колонтитулдарды түзүү.



  1. «Вид» менюсунан «Колонтитулы» командасын тандап алыңыз.

  2. Колонтитулдар куралдар панелинен «Параметры страницы» баскычын басыңыз.

  3. «Макет» баракчасын ачыңыз.

  4. Жуп жана так сандагы беттердеги колонтитулдарды айырмалоо желекчесин орнотуп, ОК баскычын чыкылдатыңыз.

  5. Зарылчылык болсо жуп же так сандагы беттин колонтитулуна өтүш үчүн Колонтитулдар куралдар панелиндеги «Переход к предыдущему», же «Переход к следующему» баскычын колдонуңуз.

  6. Так сандагы беттин Жогорку колонтитул же Төмөнкү колонтитул мейкиндигинде так сандагы беттер үчүн жогорку, же төмөнкү колонтитулун түзүңүз же болбосо жуп сандагы беттин Жогорку же Төмөнкү колонтитул мейкиндигинде жуп сандагы беттер үчүн жогорку жана төмөнкү колонтитулун түзүңүз.

Колонтитулдарды өзгөртүү, же форматташтыруу



  1. «Вид» менюсунан «Колонтитулы» командасын тандап алыңыз.

  2. Зарылчылык болсо ыкка келтирилүүчу колонтитулга өтүү үчүн Колонтитулдар куралдар панелиндеги «Переход к предыдущему» же «Переход к следующему» баскычтарын колдонуңуз.

  3. Керектүү өзгөртүүлөрдү киргизиңиз. Мисалы, текстти оңдоңуз, шрифтти өзгөртүңүз, жоонураак шрифтти колдонуңуз, же шрифттин өңүн өзгөртүңүз.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда Microsoft Word автоматтык түрдө документте ар башка колонтитулдар болгонуна да карабастан бүт документ боюнча окшош колонтитулдарды өзгөртүп коет.




КЕҢЕШ_____________________________________________________
Разметка режиминде колонтитулдан негизги текстке же негизги тескттен колонтитулга тез арада өтүш үчүн күңүрт өңгө боелгон колонитулдун тексттин же документтин негизги тексттин эки жолу чыкылдатыңыз.



Download 13,26 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   51   52   53   54   55   56   57   58   59




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©hozir.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling

kiriting | ro'yxatdan o'tish
    Bosh sahifa
юртда тантана
Боғда битган
Бугун юртда
Эшитганлар жилманглар
Эшитмадим деманглар
битган бодомлар
Yangiariq tumani
qitish marakazi
Raqamli texnologiyalar
ilishida muhokamadan
tasdiqqa tavsiya
tavsiya etilgan
iqtisodiyot kafedrasi
steiermarkischen landesregierung
asarlaringizni yuboring
o'zingizning asarlaringizni
Iltimos faqat
faqat o'zingizning
steierm rkischen
landesregierung fachabteilung
rkischen landesregierung
hamshira loyihasi
loyihasi mavsum
faolyatining oqibatlari
asosiy adabiyotlar
fakulteti ahborot
ahborot havfsizligi
havfsizligi kafedrasi
fanidan bo’yicha
fakulteti iqtisodiyot
boshqaruv fakulteti
chiqarishda boshqaruv
ishlab chiqarishda
iqtisodiyot fakultet
multiservis tarmoqlari
fanidan asosiy
Uzbek fanidan
mavzulari potok
asosidagi multiservis
'aliyyil a'ziym
billahil 'aliyyil
illaa billahil
quvvata illaa
falah' deganida
Kompyuter savodxonligi
bo’yicha mustaqil
'alal falah'
Hayya 'alal
'alas soloh
Hayya 'alas
mavsum boyicha


yuklab olish