Текст редактор ms word



Download 13,26 Mb.
bet38/59
Sana23.02.2022
Hajmi13,26 Mb.
#140876
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   59
Bog'liq
ТЕКСТ РЕДАКТОР MS WORD

5.46-сүрөт

  1. «Правка» менюсунда «Заменить» командасын басыңыз. «Больше» баскычын басып, андан соң «Формат» баскычын басыңыз. Пайда болгон тизмеден «Шрифт» дегенди тандаңыз. «Шрифт» диалог терезеси ачылат, андан жантык тамга жазылышын тандаңыз. «Заменить» сабына өтүп, диалог терезесинен «Обычный» жазылышын тандаңыз. «Найти далее» дегенди, андан соң, «Заменить все» дегенди басыңыз.

  2. «Правка» менюсунда «Заменить» командасын басыңыз. «Больше» баскычын басып, андан соң «Специальный» дегенди басыңыз. Пайда болгон терезеден «Разрыв строки» дегенди тандаңыз. «Заменить на» деген сапка өтүңүз жана «Специальный» терезеден «Знак абзаца» дегенди киргизиңиз. «Найти» дегенди басыңыз, андан соң «Заменить все» дегенди басыңыз.

  3. Бүткөндөн кийин бул терезеде «Найти» деген сапка, ан дан кийин «Специальный» дегенди басыңыз. Пайда болгон терезеден «Мягкий перенос» дегенди тандаңыз. «Заменить на» деген сапка өтүңүз да бош болсун үчүн өчүруңүз. «Найти» далее дегенди басып туруп, андан соң «Заменить все» дегенди басыңыз,

  4. Аталышты тандап «Формат по образцу» дегенди басыңыз, ылдыйга өтүп «Процент» деген сөз бар сапты чыкылдатыңыз.

Формат стиля файлын сактабастан жаап коюңуз.


Тексттин жана абзацтын сырткы көрүнүшүн стилдердин жардамы менен өзгөртүү
Сиз документтеги текстти өзгөртүп жаткандыктан өзүңүздүн стилди жаратып жатасыз деп айтса да болот. Word до стиль - бул тексттин жана абзацтардын мүнөздөмөсүнүн комплекси. Аны өзүнчө файл кылып сактап койсо болот. Анда форматташтыруунун ар бир элементин өзүнчө колдонуунун ордуна стилдин жардамы менен алардын баарын бир учурда колдонсо болот.

Стилдер эки түрдүү болот.



  • Тексттин стилдери белгиленген жерлерди форматташтыруу үчүн колдонулат. Сиз тексттин стилдерин бир сөзгө, абзацка, же бардык документке карата колдоно аласыз. Мисалы, стиль белгиленген текст үчүн шрифттин 18чи размерин, жоонураак жазылыш түрүн, астын сызууну жана кызыл түстөгү шрифтти дайындап берет.

  • Абзацтын стилдери абзацты форматташтыруу үчүн кызмат кылат. Алар өзүнө тегиздөөнү жокко чыгаруунун түрлөрүн, интерлиньяж саптардын аралыгындагы интервал, колдонула турган тизмелердин түрлөрүн ж. б. камтыйт.

Стилдер шаблондордо сакталат. Word автоматтык түрдө «Нормальный» шаблонун колдонот. Эгер сиз башка шаблонду тандап албасаңыз, сиз түзгөн документтер өзүнө белгилүү стилдердин жыйнагын камтыган «Нормальный» шаблондун негизинде даярдалат. Бул стилдердин негизгиси «Нормальный стиль», ал кадимки абзацтар үчүн колдонулат, тексттин размери 12, тамганын жазылыш түрү Times New Roman, текст сол тарабынан түздөлүп бир интервалдан турат, жогору жана төмөн жагынан артка чегинүү жок.
«Нормальный» шаблондун негизинде даярдалган текст сиз башка стилди колдонмоюнча «Нормальный стиль» колдоно берет. Мисалы, сиз текстке карата «Заголовок 1» стилин колдонсоңуз болот. Стилди тандаш үчүн Форматтоо куралдар панелиндеги «Стиль» талачасынын оң жагындагы жебечени басыңыз да, берилген тизмеден стилди тандап алыңыз. «Стили и форматирование» маселелер мейкиндигин колдонсо да болот.


КЕҢЕШ_____________________________________________________________Эгерде сөздүн, же фразанын асты көк толкун сызык менен сызылып калса, бул Word форматташтырууда туура келишпестиктерди тапкандыгын белгилейт.

Бул сызыкты алып салыш үчүн, чычкандын оң клавишасы менен ал сызыкты басып керектүү аракеттин вариантын тандап алыңыз: «пропустить», же «пропустить все». Форматташтырууну текшерүүнү өчүрүп салуу үчүн «Сервис» менюсунан «Параметры» дегенди басыңыз да, «Правка» баракчасына өтүп «Вести учет форматирования» жана «Помечать несоответствия формата» желекчелерин алып таштаңыз, андан кийин ОКди басыңыз.


Эгерде Word сунуш кылган стилдер сизге туура келбесе, сиз башка стилдерди түзүп алсаңыз болот, анын бир нече жолу бар.

  • Сиз учурдагы стилди өзгөртүп койсоңуз. Сиз ушул эле документ үчүн, же болбосо, бул шаблондун негизинде даярдалган документтердин баары үчүн стилди өзгөртүп койсоңуз болот. Сиз кайсыл текстке стиль колдонсоңуз ошол тексттин форматташтыруусу жаңырат.

  • Сиз үлгүнүн негизинде стиль түзсөңүз да болот. Сиз текстти өзүңүз каалагандай кылып форматташтырып, андан кийин форматташтыруунун керектүү элементтерин камтыган стиль түзүп алсаңыз болот.

  • Сиз кайрадан жаңы стилди белгилеп алсаңыз болот. «Стили и форматирование» тапшырмаларынын панелинен «Создать стиль» дегенди басып текстти, же абзацты форматташтыруу элементтерин киргизиш учүн «Создать стиль» диалог терезесин колдонуңуз.



КЕНЕШ_____________________________________________________________Эгерде сиз тизмелердин стилдерин белгилегиңиз келсе, «Формат» менюсунан «Список» дегенди басыңыз. Андан кийин «Список стилей» деген баракчаны ачып, стилди тандап алып ОКди басыңыз.


Бул көнүгүүдө сиз «Стили и форматирование» тапшырмалар панелинин жардамы менен стилди колдоносуз, өзгөртөсүз жана өчүрөсүз.


Word ECDL / Изменение текста / Изменение стиля папкасына өтүңүз. Стиль документин ачыңыз.



  1. Зарылчылык болсо 100% масштабын орноштуруңуз да «Основные положения» аталышын белгилеп алыңыз.

  2. «Формат» менюсунан «Стили и форматирование» дегенди басыңыз. «Стили и форматирование» тапшырмалар мейкиндиги пайда болот.

  3. Тапшырмалар тармагында «Форматирование выделенного текста» талаасын көрсөтүңүз. Бөлүнгөн текст форматталган стилди мүнөздөгөн көмөкчү пайда болот. Бул «Обычный» стили.

  4. «Выберите форматирование для применения» тармагында тизмени айландыра карап чыгыңыз да, «Заголовок 2» дегенди басыңыз. Бөлүнгөн текст тиешелүү экинчи деңгээлдеги аталышка бекитилген стилге жараша өзгөрөт.

  5. Документти айландыра карап чыгыңыз да, «Используйте вкладку» бөлүмүн белгилеп алыңыз. Документти андан, ары карап, «Раздача пробных образцов» бөлумүн белгилеп алыңыз.

  6. «Стили и форматирование» тапшырмалар тармагында «Заголовок 2» дегенди басыңыз жана тандалган бөлүмдөргө стилди колдонуңуз.

  7. Документтин башына кайтыңыз, «Основные понятия» абзацты басыңыз жана «Выделить все» тапшырмалар тармагын басыңыз. Редактор Word редактору бөлүнгөн фрагменттин форматы менен бүткүл текстти белгилейт, б.а. «Заголовок 2» дегендин стили менен форматтайт.

  8. «Стили и форматирование» тапшырмалар тармагында «Создать стиль» дегенди басыңыз. «Создание стиля» диалог терезеси ачылат.

  9. Диалог терезесинин «Имя» талаасына «Заголовок 2 плюс» дегенди ушул ат менен жаңы стиль түзүү үчүн киргизиңиз.

  10. «Форматирование» тармагындагы «Размер шрифта» талаасындагы жебечени басыңыз жана 16 пункт өлчөмүн коюңуз. Андан соң «Цвет шрифта» талаасындагы жебечени басыңыз да экинчи саптагы көк алтынчыны тандаңыз.

  11. «Создание стиля» терезесин жабуу үчүн ОКди басыңыз. «Заголовок 2 плюс» аталыштагы стиль «Стили и форматирование» тапшырмалар панелинде пайда болот,

  12. Тапшырмалар панелинде «Заголовок 2 плюс» дегенди басыңыз. Word баардык бөлүнгөн абзацтарга жаңы стиль берет. «Подсказка» (Көмөкчү) бул стилдин мүнөздөмөсүн маалымдайт.

  13. Тапшырмалар панелинде «Заголовок 2 плюс» дегенди жана көмөкчүдө пайда болгон талаадагы жебечени басыңыз. Ачылып жаткан тизмеде «Изменить» дегенди тандап алыңыз. «Изменение стиля» терезеси пайда болот.

  14. «Форматирование» тармагынан атрибуттарды өзгөртү үчүн «Курсив» баскычын басыңыз да, ОКди басыңыз. 3аголовок 2 плюс» өзгөрөт, аны менен кошо бул стиль колдонулган тексттин баардыгы өзгөрөт.

  15. Тапшырмалар панелинде «Заголовок 2» стилин басыңыз, Бөлүнгөн текст бул стилдин форматына жараша өзгөрөт.





Download 13,26 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   59




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©hozir.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling

kiriting | ro'yxatdan o'tish
    Bosh sahifa
юртда тантана
Боғда битган
Бугун юртда
Эшитганлар жилманглар
Эшитмадим деманглар
битган бодомлар
Yangiariq tumani
qitish marakazi
Raqamli texnologiyalar
ilishida muhokamadan
tasdiqqa tavsiya
tavsiya etilgan
iqtisodiyot kafedrasi
steiermarkischen landesregierung
asarlaringizni yuboring
o'zingizning asarlaringizni
Iltimos faqat
faqat o'zingizning
steierm rkischen
landesregierung fachabteilung
rkischen landesregierung
hamshira loyihasi
loyihasi mavsum
faolyatining oqibatlari
asosiy adabiyotlar
fakulteti ahborot
ahborot havfsizligi
havfsizligi kafedrasi
fanidan bo’yicha
fakulteti iqtisodiyot
boshqaruv fakulteti
chiqarishda boshqaruv
ishlab chiqarishda
iqtisodiyot fakultet
multiservis tarmoqlari
fanidan asosiy
Uzbek fanidan
mavzulari potok
asosidagi multiservis
'aliyyil a'ziym
billahil 'aliyyil
illaa billahil
quvvata illaa
falah' deganida
Kompyuter savodxonligi
bo’yicha mustaqil
'alal falah'
Hayya 'alal
'alas soloh
Hayya 'alas
mavsum boyicha


yuklab olish