Текстти киргизүү учурунда форматтоо
Word форматтоо мүмкүнчүлүктөр тизмеси көрсөткөндөй киргизилген тексттин негизинде сиз кандай форматтоону каалаганыңызды программа билип туюууга жөндөмдүү. Мисалы, Word автоформатты колдонушу жана бүткүл баракка сызыкты чийүү үчүн ( _ ) сызыкчаны киргизүүнүн ордуна катары менен үч дефисти киргизип жана Enter клавишаны басыш керек.
Бул көнүгүүдө автоформаттын мүмкүнчүлүгүн колдонуу менен кош чек араны кошосуз. Word өзү сиз үчүн форматтап коерун билиш үчүн автоформаттын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышасыз.
Word / ECDL / Изменение текста \ Автоформатирование папкасына кириңиз. Формат стиля деген документти ачыңыз.
Документтин аягына барыш үчүн Ctrl + End клавишаларын басыңыз жана андан кийин Enter басыңыз.
= баскычын үч жолу чыкылдатыңыз жана Enter клавишаны басыңыз, Word кош сызыгын барактын бүткүл бетине таратат.
КЕҢЕШ_____________________________________________________________
«Параметры автозамены» баскычын басуу сиз жаңы эле чийген сызык менен байланышкан бардык түрлөрүн ачат. Сызыкты өчүрсө да, чек аралык сызыктын түрлөрүн тандаса да болот, же кийинки кадамды тандоо үчүн «Автозамена» диалог терезесин ачса болот.
Процент дегенди киргизип жана Enter клавишан басыңыз.
киргизип Tab клавишасын басыңыз. Андан кийин Банковский процент простой дегенди киргизиңиз жана Enter клавишаны басыңыз. Кийинки сапта чегинүү менен 2 саны пайда болгондуктан сиз тизмени улантуунукаалагандыгыңызды текст редактору баамдайт.
Банковский процент сложный дегенди киргизип Enter клавишаны эки жолу чыкылдатыңыз. Enter клавишаны биринчи басуудан кийин Word тизмени улантат, бирок Enter клавишаны экинчи басуудан кийин тизмени аяктайт жана жөнөкөй абзацты баштайт.
Эки денег санды камтыган сапка кайрылыңыз жана Enter клавишаны басыңыз, Учетная ставка дегенди киргизиңиз.
«Сервис» менюсунан «Параметры автозамены» дегенди басыңыз жана «Автоформат при вводе» кошумча барагына келиңиз.
Киргизүу учурунда «Применять при вводе» тармагынан «Стили нумерованных списков» дегендин тушундагы желекчени алып салыңыз жана ОК баскычын чыкылдатыңыз.
Enter клавишаны басыңыз. Тизме улантылбай калганын көрөсүз.
«Сервис» менюсунда «Параметры автозамены» дегенди басыңыз жана «Автоформат» кошумча барагына өтүңүз. «Применять при вводе» тармагына кирүүдө «Стили ну~ мерованных списков» дегенди желекче менен белгилеп, ОКди басыңыз.
КЕҢЕШ_____________________________________________________________
«Автоформат» кошумча барагы «Автозамена» диалог терезеси иштеп баштагандан тартып автоматтык түрдө текстти киргизүү процессинде форматтоо параметрлерин коюуга жол берет. Документти киргизип бүткөндөн кийин форматтоо үчүн, «Формат» менюсунан «Автоформат» командасын колдонуңуз. «Автоформат» диалог терезесинде «Сразу весь документ» вариантын басыңыз, же «С просмотром каждого изменения» дегенди басып, андан соң ОК баскычын басыңыз.
Do'stlaringiz bilan baham: |