Текст редактор ms word



Download 13,26 Mb.
bet11/59
Sana23.02.2022
Hajmi13,26 Mb.
#140876
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   59
Bog'liq
ТЕКСТ РЕДАКТОР MS WORD

Текстти киргизүү
Сиз «өзүңүз үчүн эле» документ түзсөңүз дагы, ал сабаттуу, өзөктүү, профессионалдуу болуш керек. Тажрыйбалуу колдонуучу болсоңуз да, жаңы баштап жатсаңыз дагы, Word 2003 сизге профессионалдык документ түзүүнү өтө жөнөкөй жана натыйжалуу түзүүгө жардам берген бир нече куралдарды сунуштай алат.

  • Редактирлөө куралдары текстти тез жана жөнөкөй бөлүүнү жана документти башка жерге которууну камсыздайт.

  • Авто алмаштыруу куралдары тексттеги көп кездешкен фрагменттер менен убакытты үнөмдөп иштөөгө жана терминдерди же ысымдарды клавишаны бир басуу менен гана киргизүүгө жол берет.

  • Издөө куралдары жалпы документ боюнча же конкреттүү бир жерде сөздөрдү алмаштырууда же алардын ордун аныктоодо же фразанын ордун аныктоодо колдонулат.

Документ түзүү процесси, нусканы тандоодон башталат, андан соң текстти киргизип, документти сактоо керек. Биз жаңы документ түзүү менен бирге болгон документти редакциялайбыз, андыктан, командаларды колдоно билүү жана ишти жеңилдетүүчү текст редакторунун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана билүү өтө маанилүү. Документти текстке киргизүү үчүн, аны клавиатурадан терүү жетиштүү. Киргизилип жаткан символдор экрандын курсор өчүп-күйүп, оңго жылып, өзүнөн кийин жазылган текстти көрсөтүп турган жеринде болот. Барактын оң талаасына жеткенде курсор автоматтык түрдө кийинки сапка түшөт. Бул процесс текстти куюлуштуруусу деп аталат, ал эми Enter клавишаны басса, жаңы абзац түзүлөт.




Документти карап чыгуу режими
Word дун текст редакторунда документти ар кандай режимде карап чыгууга болот. Аларга төмөнкүлөр тиешелүү:

  • «Разметка страницы» (Барактарды белгилөө), басып чыгарылган документ кандай болоорун көрсөтөт. Сиз барактын талааларын, беттердин бөлүнүүлөрүн, аталыштарды, төмөнкү жана жогорку колонтитулдарды көрө аласыз. Бул режим колонтитулдарды редактирлөөдө, жана дагы тилкелер жана графикалык объекттер менен иштегенде колдонулат. Бул режимди колдонуу менен текстти киргизүүдө жана редактирлөөдө, барактын үстүңку жана астыңкы бөлүктөрүндөгү бош мейкиндикти жабуу менен, экрандагы орунду үнөмдөөгө болот.

  • «Обычный» (Кадыресе). Бул режимде барактар текстти тез жазууга жана редакторлоого ыңгайлуу болуп, жөнөкөйлөштүрүп көрсөтүлөт. Барактардын бөлүнүүлөрү пунктир сызыктары менен гана белгиленет, көчүрмө жана аталыштардын иерархиясы сыяктуу форматтоо элементтери көрсөтүлбөйт.

  • «Веб-документ» веб-браузерге чыгарылганда кандай болоорун көрсөтөт. Сиз фонду, автоформаны жана башка элементтерди көрө аласыз.

  • «Структура» документтин структурасын көрсөт, б.а. аталыштардын деңгээлин жана карап чыгуу куралдарын жана документтин иерархиялык өзгөрүүсүн көрсөтөт.

  • «Режим чтения» (Окуу режими) документтин структурасын көргөнгө мүмкүндүк берет, андан тышкары ордун которуп, көчүрүп жана аталыштарды ташып жүрүү менен текстти өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Окуу режими документи экранга чакан, окуганга ыңгайлуу кылып жайгаштырат. Бул режимде сиз барактарды өзүңүзгө, тапшырмалар панели менен иштегенге, көрсөтүүнүн масштабын өзгөрткөнгө, документте издөө салганга, оңдоо киргизгенге ыңгайлуу кылып жайгаштырып алсаңыз болот. Мындан тышкары, структура режиминде негизги документтер менен иштеген ыңгайлуу. Негизги документтерди колдонуу, отчет сыяктуу бир нече бөлүктөн турган, же бир нече бөлүмдөн турган китеп сыяктуу ири документтерди түзүү жана жаңыртууну жөнөкөйлөштүрөт. Барактардын, колонтитулдардын, сүрөттөрдүн чектери жана алардын фону структура режиминде көрсөтүлбөйт.

  • «Схема документа» (Документтин схемасы) документтин аталыштарынын тизмеси көрсөтүлгөн өзүнчө тармакты камтыйт. Документтин схемасы документтин ичинде орун которуштуруп жүрүүгө жол берет. Документтин схемасы тармагындагы аталышты тандоодо Microsoft Word документтин тиешелүү документине өтүп, аны экрандын жогору жагында чагылдырып, документтин схемасы тармагында аталышты бөлүп турат. Документтин тармагы схемасы каалаган учурда көрсөтүп же жашырып коюуга болот.



Бул көнүгүүдө сиз Word до документ чыгаруунун ар кыл ык маларын, өзүңүзгө ыңгайлуусун тандап алуу үчүн, карап чыгасыз. Документти ачуу менен сиз бир режимден башка режимге, алардын айырмасын билүү үчүн өтө аласыз, Сиз ошондой эле, схема режиминде документти ачып, эскиздер менен иштей аласыз.

Word ECDL \ Ра6очие документы папкаеына өтүңүз.


Обзор папкасында Методы продвижения на рынке файлын ачыңыз.

  1. Эгер сиз «Обычный» режимде иштебей турган болсоңуз, терезенин сол жагынын төмөнкү бурчунда «Обычный режим» баскычын басыңыз, же менюдагы «Вид» дегенге кирип, «Обычный» дегенди басыңыз.

  2. Документти караңыз.

  3. Ctrl + Home клавишаларын басып туруп экрандын бурчунда веб-документ баскычын басыңыз, же менюдагы «Вид» дегенден «Веб-документ» режимин тандаңыз.

  4. Документти караңыз.

Веб-браузерде текст терезени толук ээлеп, барактардын үзүлүүсү болбойт.

  1. Ctrl + Home клавишаларын басыңыз жана экрандын сол төмөнкү бурчунда «Разметка страницы» деген баскычты басыңыз, же «Вид» менюсунан «Разметка страницы» режимин тандаңыз.

  2. Барактын үзүлүүсүнө өтүңүз.

Басып чыгарууда ар бир баракта сноскалар, дата жана дагы үстүңкү, астыңкы колонтитулдары көрсөтүлөт.



  1. «Сервис» менюсунда «Параметры» дегенди басыңыз. «Вид» кошумча барагында «Поля между страницами» желекчесин алып коюңуз, «Параметры режима просмотра» тармагында барактар арасында ОКди чыкылдатыңыз.




Download 13,26 Mb.

Do'stlaringiz bilan baham:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   59




Ma'lumotlar bazasi mualliflik huquqi bilan himoyalangan ©hozir.org 2024
ma'muriyatiga murojaat qiling

kiriting | ro'yxatdan o'tish
    Bosh sahifa
юртда тантана
Боғда битган
Бугун юртда
Эшитганлар жилманглар
Эшитмадим деманглар
битган бодомлар
Yangiariq tumani
qitish marakazi
Raqamli texnologiyalar
ilishida muhokamadan
tasdiqqa tavsiya
tavsiya etilgan
iqtisodiyot kafedrasi
steiermarkischen landesregierung
asarlaringizni yuboring
o'zingizning asarlaringizni
Iltimos faqat
faqat o'zingizning
steierm rkischen
landesregierung fachabteilung
rkischen landesregierung
hamshira loyihasi
loyihasi mavsum
faolyatining oqibatlari
asosiy adabiyotlar
fakulteti ahborot
ahborot havfsizligi
havfsizligi kafedrasi
fanidan bo’yicha
fakulteti iqtisodiyot
boshqaruv fakulteti
chiqarishda boshqaruv
ishlab chiqarishda
iqtisodiyot fakultet
multiservis tarmoqlari
fanidan asosiy
Uzbek fanidan
mavzulari potok
asosidagi multiservis
'aliyyil a'ziym
billahil 'aliyyil
illaa billahil
quvvata illaa
falah' deganida
Kompyuter savodxonligi
bo’yicha mustaqil
'alal falah'
Hayya 'alal
'alas soloh
Hayya 'alas
mavsum boyicha


yuklab olish