Өндүрүмдүүлүктү жакшыртуу үчүн чаралар
Текст редакторунун тажрыйбалуу колдонуучулары, редакторду ыңгайлаштырып алуу оңой экендигин билет, анткени менюнун кээ бир командалары жана куралдар панелинин айрым баскычтары көп колдонулат да, кээ бирлери дээрлик иштетилбейт. Кийинчерээк сизге өзүңүздүн куралдар панелиңизди же менюңузду түзүү керек болушу мүмкүн. Бирок, азыркы биздин максат иш өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу чаралары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу. Бул үчүн биз текст редакторунун негизги опцияларын параметрлерин ыкка келтирүү, жөнөкөй маалымат системасын, масштабдаштыруу куралдарын, биргелешкен куралдар панелин көрсөтүү жана жашырып коюуну өздөштүрөбүз.
Текст редакторунун опцияларын ыкка келтирүү
Текст редакторунун негизги опцияларын / параметрлерин ыкка келтирүү колдонуучуга иштин өндүрүмдүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө берет.
Бул көнүгүүдө керектүү параметрлерди түзүңүз. Текст редакторун иш абалына келтириңиз.
Менюдагы «Сервис» дегенди басыңыз, «Параметры» командасын тандаңыз.
«Пользователь» кошумча барагында колдонуучунун маалыматын ыкка келтириңиз жана өз ысымыңызды киргизиңиз, аты-жөнүңүздү, электрондук дарегиңизди киргизиңиз.
«Расположение» кошумча барагында «Изменить» командасын басыңыз, Word ЕСDL документин автоматтык түрдө ачып жана сактаган папкасын көрсөтүнүз. Киргизилген өзгөруүлөрдү жокко чыгарыңыз.
Документти жабыңыз.
К алган кошумча барактарды караңыз, эгер сизге алар туурасында кошумча маалымат керек болсо, «Справка» кызматын алууну колдонуңуз. Параметрлердин ар бир өзгөрүүсүнө көңүл буруңуз, себеби кесепети орчундуу болушу мүмкүн.
Справканы (маалыматты) колдонуу
5.9-сүрөт
«Справка и поддержка Word» колдоо биргелешкен маалымат системасын түзөт. Ал текст редактору тууралуу жана анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө суроолорго тез арада жооп алууга мүмкүндүк берет.
Керектүү маалыматты тез табуу ыкмасы - издөө талаасына негизги сөздү киргизиңиз. Мисалы, шаблонду кандай колдонуу керектиги тууралуу маалымат алуу үчүн, «Поиск» тапшырмалар панели талаасында «шаблон» деген сөздү териңиз да, «Найти» баскычтын басыңыз. Издөөнүн жыйынтыгынан чыккан тизмелер пайда болот, эң зарылдары үстү жакта жайгашкан болот. Алардын мазмунун бирден ачып окуй берсеңиз болот. Темалар боюнча справканы карап чыкса болот. «Обзор справки» баскычын басыңыз, андан соң пайда болгон тизмедеги аталыштардын бирин чыкылдатыңыз.
Теманын аталышы маалымат бөлүгүн, же башка темалардын аталыштарын камтышы мүмкүн. Маалымат (справка) бөлүгүн ачыш үчүн, же башка аталышка өтүү үчүн, же төмөнкү деңгээлдеги бөлүккө өтүү үчүн аны басыңыз.
Майкрософт маал-маалы менен Интернетте маалымат системасынын жаңыланган мазмунун жарыялап турат. Интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, интерактивдүү маалымат системасынан жаңыртууну кошсо болот.
Do'stlaringiz bilan baham: |