Басып чыгарууга даярдоо
Бул бөлүмдө сиз төмөндөгүлөрдү өздөштүрөсүз:
документтин талаачасын жана документтин жайгашуусун өзгөртүүнү;
документти карап чыгууну жана басып чыгарууну;
колонтитулдарга даталарды киргизүүнү, текстти редактирлөөнү жана кошууну;
туура жазылышты текшерүүнү;
орнотулган сөздүккө сөз кошууну;
документти карап чыгууну жана басып чыгарууну.
Тууралоо
Документтин негизги элементтери болгон темасы жана барактар үчүн фонду берсеңиз болот. Ар бир барактагы кайталануучу маалыматтар үчүн ылдыйкы жана жогорку колонтитулду Колдотууну, барактарды ажыратууну жана бөлүмдөрдү ажыратууну аныктоо менен текстти басып чыгарууда тексттин көрүнүшүн башкарса болот. Документ менен иштеп бүткөндөн кийин алдын ала карап чыгуу режимине өтсө болот жана басып чыгаруунун алдында тексттин жайгашышын даярдаса болот.
Бул бөлүмдө басылып чыгаргыла турган документ кандай көрүнөөрүн, барактын жайгашышын жана талаачаларды кошуунун карап чыга аласыз. Документтин сырткы көрүнүшүн жакшыртыш үчүн документти, документтин атын, барактын номерин, жогорку же ылдыйкы колонтитулга датаны кошсо болот. Басып чыгаруунун алдында туура жазылышты текшерүүнү жүргүзүү жана орнотулган сөздүккө сөз кошууну билүү зарыл. Акырында, көп барактуу документке барактарды ажыратууну жана бөлүмдөрдү ажыратууну жана колонтитулдарды кошосуз.
Документтин жайгашуусун өзгөртүү
Текстти редактирлөөдө документтин жайгашуусу китепче жана альбом түрүндө болушу мүмкүн. Туюуу боюнча текстти редактирлөөнү ачууда документ китепче түрүндө түзүлөт. Эгерде документтин жайгашышын өзгөртүү зарыл болсо, төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
«Файл» менюсунан «Параметры страницы» командасын тандап алыңыз, андан кийин «Поля» кошумча баракчасын ачыңыз.
«Ориентация» группасынан «Книжная» же «Альбомная» түрүндө вариантын тандап алыңыз.
Бир документтин ичинде китепче жана альбом түрлөрүн колдонуу тапшырманы кыйындатат, бирок ал тапшырма төмөндөгүдөй чечилет:
Китепче же альбом түрүндө колдоно турган барактарды тандап алып өзгөчөлөнткүлө.
«Файл» менюсунан «Параметры страницы» командасын тандап алыңыз, андан кийин «Поля» кошумча баракчасын ачыңыз.
Китепче түрүндө же альбом түрүндө вариантын тандап алыңыз.
«Применить» талаачасынан «К выделенному тексту» маанисин тандап алыңыз.
Барактын жайгашышынан тышкары жаза турган документтин барагынын ченемин билүү маанилүү. Барактын ченемин өзгөртүү үчүн зарыл:
«Файл» менюсунан «Параметры страницы» командасын тандап алыңыз, андан кийин «Размер бумаги» кошумча баракчасын ачыңыз.
Барактын ченемин тандап алыңыз
Эскертүү. Документтин бир бөлүгүнүн ченемин өзгөртүү үчүн туура келген барактарды өзгөчөлөнтүңүз адатка ылайыктуу барактын ченемин тандап алыңыз. Применить тизмесинен К выделенному тексту параметрин тандап алыңыз, өзгөчөлөнтүлгөн барактан мурун да кийин да бөлүктөрдү ажыратуусу автоматтык түрдө коюлат. Эгерде документ бир нече бөлүктөн турса, анда керектүү бөлүктү, же бир нече бөлүктөрлөрдү тандап алып, андан кийин барактын ченемин өзгөртүңүз.
5.58-сүрөт
Do'stlaringiz bilan baham: |