5.44-сүрөт Маанисин көрсөтүүчү сандар ондук точка боюнча түздөлүшөт.
Кайрадан ошол эле эки сапты өзгөчөлөнтүңүз жана ондук табуляциянын маркерин 6 см ден 5 см га алып келиңиз.
Курсорду документтин башына алып келиш үчүн Ctrl + Home клавишин басыңыз, андан кийин «Формат» менюсунан «Абзац» командасын басыңыз. «Абзац» диалог терезеси пайда болот.
12 пунктарын пайда кылыш үчүн «Интервал» баскычынан «После» талаасынан жогору жакты караган жебечени эщ жолу чыкылдатыңыз, андан кийин ОК баскычын басыңыз. Аталышты өзгөчөлөнтүүгө көмөктөшкөн абзац ылдыйга жылат.
«Абзац» терезесин жабуу үчүн ОКди чыкылдатыңыз. Аталышты калган бөлүгүнөн ажыратуу менен аталыштан ылдый турган абзац ылдыйга жылат.
Аталышты форматтоону көчүрүү үчүн чычканды «название события» деген сөздүн башталышына алып келип стандарттык куралдар панелинен «формат по образцу» баскычын басыңыз. «название события» деген текст жана кийинки абзацтын арасындагы аралык жана шрифтин өлчөмү чоңоет
«Абзац» диалог терезесин ачуу үчүн «Формат» менюсунан «Абзац» командасын басыңыз. 12 пт маанисин пайда кылыш үчүн «Интервал» баскычынан «Перед» талаасынан жогору каратылган жебечени эки жолу чыкылдатыңыз. «Название события» деген текст жана андан мурунку абзацтын аралыгы чоңоет.
Документ боюнча ылдый жылып «В конце объявления должно быть указано» деген сөздөн башталган төрт сапты өзгөчөлөнтүңүз андан кийин ушул саптарды борборлоштуруу үчүн стандарттык куралдар панелинен По центру баскычын басыңыз.
«Формат» менюсунан «Границы и заливка» командасын басыңыз. Граница кошумча барагында ачылган «Границы и заливка» диалог терезеси пайда болот.
Ушул рамкалоо стилин тандап алуу үчүн Тип тармагынан «Тень» белгисин басыңыз.
«Заливка» кошумча барагын ачып үчүнчү акыркы катардагы ачык-сары түстү басыңыз, анан ОК баскычын басыңыз. Текстин айланасында ачык-сары фон көлөкөсү менен пайда болот:
КЕҢЕШ_____________________________________________________________ Өзүңүз каалагандай чек араны түзүш үчүн «Тип, Цвет, Ширина» талааларынын маанилерин өзгөртсөңүз болот. Эгерде чек ара абзацтын бир, эки, же үч жагынан гана керек болсо анда «Образец» тармагынан тиешелүү түрүн тандап алыңыз.
Формасын өзгөртүш үчүн рамкадан эки сап ылдый бош тармакты басыңыз, андан кийин көрсөткүчтү саптын борборуна алып келиңиз. Көрсөткүч борбор боюча түздөндүрүү формасында болот. Текстти жазып баштаса ал борбор боюнча түздөлүп жазылат дегенди билдирет.
Курсорду позициялоо үчүн «Указатель» формасын өзгөрткөндөн кийин эки жолу чыкылдатыңыз, «Объявления должны быть представлены за шесть месяцев до указанного срока» деген текстти киргизиңиз. Киргизилген текст борбор боюнча түздөлгөн болот.
5.45-сүрөт Басууга чыкпай турган белгилерди жоготуш үчүн форматтоо панелинен «Непечатаемые символы» баскычын басыңыз.
Документти сакташ үчүн стандарттык куралдар панелинде «Сохранить» баскычын басыңыз. Форматирование абзаца файлын жабыңыз.