Абзацты форматтоо
Абзацтын жалпы көрүнүшүн чегинүүлөрдү өзгөртүү, интервалдарды, текстти тегиздөөнү жана абзацты көлөкөсү бар рамкага салуу менен жакшыртса болот. Word до абзац деп, эки абзац белгисинин ортосундагы тексттин фрагменти түшүндүрүлөт. Абзацтын белгиси басылбаган белги, ал Enter клавишаны басуу менен коюлат. Башка дагы басылбаган белгинин өрнөгү табуляция позициясы, ал текстти тилкеге жайгаштыруу үчүн колдонулат. Табуляция позициясы кезектеги клавишаны басуу менен курсор кайда жайгашарын, саптагы орунду көрсөтөт Tab. Абзацтын чегинүүлөрү сол жана оң абзацтын чегинин ортосундагы аралыкты жана тиешелүү барактын бетин аныктайт. Талаалардын өлчөмү «Файл» менюсунда ачылган «Параметры страницы» диалог терезеси тарабынан берилет.
Абзацты түзүү жана бириктирүү
Жаңы абзац түзүү үчүн Enter (б.а. «Абзац» белгисин коюу) баскычын басуу жетиштүү, жаңы түзүлгөн абзац мурдагы абзацка окшош болот (чегинүүсү, саптар аралык интервалы жана башка параметрлери жаңы абзацка колдонулат).
Абзацты бириктирүү үчүн сиз бириктируүнү каалаган абзацтын соңундагы абзац белгисин өчүрүп коюу жетиштүү. Ошентип эки абзацтын ордуна сизде бир абзац болот.
Саптын үзүлүш символун киргизүү жана өчүрүү
Саптын жарылышын атайлап киргизгенде жазып жаткан текст үзүлөт да, текст кийинки сапта улантылат. Мисалы, абзацтын стили биринчи саптын алдында чегинүүнү камтыйт.
Тексттин кыска саптарындагы чегинүү болбошу үчүн (мисалы даректи жазганда, же ыр жазганда), ар бир жаңы сапты баштоодо Enter клавишасын басып отуруунун ордуна атайлап коюлган саптын жарылышын киргизиңиз. Бул үчүн саптын жарылыш ордун көрсөтүп Shift + Enter клавишаларын басыңыз.
Текстти тегиздөө куралдарын туура колдонуу
Абзацтын атрибуттарын коюп алуу үчүн баракты белгилөө режиминде карап көрүү керек. Бул режимде сиз жогору жакта горизонталдык сызыкты жана документ терезесинин сол жагында вертикалдык сызыкты көрөсүз.
Горизонталдык сызыкты табуляциянын позициясын коюу үчүн колдонсоңуз болот. Табуляциянын позициясы бул текстти тегиздөө үчүн вертикалдык чектөөлөр. Табуляция позициясы автоматтык түрдө ар бир 1,27 см же 0.50 дюйм жайгашат. Сызыктын башындагы баскыч табуляциянын индикатору деп аталат, ал текстти сол жээкке, же борборго текстти тегиздейт. Табуляциянын позициясын коюу үчүн, индикатордун жардамы менен тегиздөө түрүн тандап алуу керек, андан соң горизонталдык сызыктагы тиешелүү белгини басуу керек.
Табуляциянын позициясын коюп алгандан кийин курсорду тексттин сол жагына, тегиздөө керек болгон жагына алып барыңыз да Tab клавишаны басыңыз.
Текст тегиздөөнүн берилген түрүн эске алуу менен табуляциянын кийинки позициясына жылат. Мисалы, сиз борборго тегиздөөнү койсоңуз, текст оңго жылат, жана табуляциянын позициясы тексттин ортосуна келгендей болуп жайгашат. Төмөнкү таблица табуляциянын белгилеринин жана алардын сүрөттөлүш тизмесин камтыйт.
Do'stlaringiz bilan baham: |