Документтерди ачуу жана жабуу
Текст редакторун иштетүүдө ар дайым жаңы документ ачылат, бирок көбүнчө буга чейин бар болгон документти ачууга туура келет. Буга болгон документти ачуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
«Файл» менюдагы «Открыть» командасын тандаңыз.
Папкадагы тизмеден дискти тандаңыз, ачууну талап кылган файлды камтыган папканы, же Интернет ресурсун тандаңыз.
Папкадагы тизмеден керектүү файлды камтыган папканы таап туруп, ачыңыз.
Файлды белгилеп туруп, андан соң «Открыть» баскычын басыңыз.
Документти окуу үчүн да, көчүрүү үчүн да ачууга жана кайра калыбына келтирүүгө болот. Опциянын бардык маалыматтары сиз үчүн колдонууга оңой келет, «Открыть» деген баскычтын жанындагы жебечени басып, андан соң керектүү команданы тандаңыз. 5.1. сүрөттө аталган баскыч активдүү эмес.
5.1-сүрөт
Бул көнүгүүдө буга чейин болгон документти сактабастан ачасыз жана жабасыз.
Word текст редакторун иш абалына келтириңиз.
Иш столундагы Word ЕСDL папкасынан Введение документин ачыңыз. Ал үчүн «Файл» менюсунан, же стандарттык куралдар панелинен «Открыть» командасын басыңыз. Иш столун басыңыз, андан соң, эки ирет Word ЕСDL папкасын чыкылдатыңыз. Папкада Введение файлын басып, андан соң «Открыть» баскычын басыңыз.
М еню сабында «Закрыть» баскычын басыңыз.
Бул команданы активдештирүү үчүн документтеги тиешелүү команданы басыңыз, ошондо «Открыть» баскычы активдешкенин көрөсүз. Документти ачуунун башка ыкмасы, стандарттык куралдар панелинде «Открыть» баскычын басыңыз, же «Приступая к работе» (Ишке киришүү) тапшырмалар панелинде тиешелүү команданы колдонуңуз.
Бул панелдин жардамы менен мурдагы болгон документтин негизинде жаңы документ түзүүгө болот, өзгөчө нуска документти өзгөртпөй сактап калуу зарыл болгондо, ал өтө ыңгайлуу.
Сиз документти ачканда титулдук сапта программанын сүрөтүн жана файлдын атын камтыган баскыч пайда болот. Көптөгөн документтер ачылышы мүмкүн, бирок, ар бир тиешелүү мөөнөттө алардын бири гана активдүү болот. Активдүү аталыштын сабы башкаларга караганда кочкул болот.
Ачык болгон документтердин биринен-бирине өтүү үчүн, жөн гана титулдук сапта керектүү документти басып, же менюдан «Окно» менен колдонсоңуз болот, андагы тизме ачык документтердин баарын камтыйт, ал эми активдүү документ галочка менен белгиленет.
КЕҢЕШ_________________________________________________
Ар дайым сиз Word ду иштеткенде, тапшырмалар панели да ачылат. Эгер сиз Word ду иштеткенде, анын ачылышын каалабасаңыз, менюдагы «Сервис» параметрин жана «Вид» киргизилмесиндеги «Область задач» желекчени алып коюңуз андан соң ОКди басыңыз.
Word сиздин документтериңиздин жанында чакан вертикалдуу терезеде жалпы тапшырмалар үчүн тапшырмалар тармагында командаларды уюштурат, керек болгон учурда ал ачылат. Мисалы Word до иштеп баштаганда, документти ачууга жана түзүүгө зарыл болгон командаларды камтыган башталгыч тапшырмалар панелин көрөсүз. Башталгыч тапшырмалар панелин сакталган документти ачканга, же жаңы документти ачканга, буга чейин болгон документтин негизинде документ түзгөнгө, же мисалы катча, же резюме сыяктуу айрым бир типтеги тиешелүү структура жана стилдеги шаблон - файлдын негизинде документ түзгөнгө колдонсоңуз болот.
Do'stlaringiz bilan baham: |